Милициянын бир күндүк турмушунан… Эшикти ачкыла, милиция!

Милициянын бир күндүк турмушунан… Эшикти ачкыла, милиция!

РЕДАКЦИЯДАН: Биздин редакция көптөн бери Ички иштер министрлиги менен кызматташып, «Ар бир адам — бир аалам» аттуу рубрика алдында ары кооптуу, ары жооптуу кызматта иштеп жаткан ИИМдин эр-азаматтары, айымдары тууралуу макала-материалдарды сүрөттөрү менен жарыялап келет. 

ИИМдин бул жолку каарманы — Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнүн милициянын аймактык ыйгарым өкүлү милициянын лейтенанты Белек Эркимбаев. Ал тууралуу Ысык-Көл ОИИБнин Басма сөз кызматы баяндап берет.

Милициянын бир күндүк турмушунан…

ИИМдин «Кесиптин мыктысы» сынагынын жеӊүчүүсү Белек Эркимбаевдин кызматтык ишмердүүлүгүнөн бир үзүм…
Милициянын лейтенанты бала чагынан эле милиция кызматкери болууну эӊсеп келген. Себеби, бала кыялында милиция кесиби  каармандык жана романтика сезимдери менен бирге жанаша жүргөндөй сезилчү. Бирок, 2017-жылы Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүндө милициянын аймактык ыйгарым өкүлү болуп кызмат өтөй баштаганда, бала кыялы түп-тамырынан өзгөргөн. Турмушта – мыйзамдуулукту жана тартипти коргоого, айрым учурларда бир өңчөй жумуштарды жана башка күндөлүк иш-аракеттерди сапаттуу аткарууга, ошондой эле күн сайын өз мөөнөтүндө аткарылуучу иш кагаздары менен дагы иштегенге туура келет.
Учурда, Белек Эркимбаев тейлеген аймакта 4,5 миӊден ашык адам жашайт. Жумуш күнү таӊ эрте башталып, түн ортосуна жакын аяктайт.
Эми бардыгы өз кезеги менен болсун…

Дүйшөмбү, 8.30. Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмү…

Эӊ биринчиден, күндүзгү нөөмөт боюнча кызматка чыгып жаткан милициянын аймактык ыйгарым өкүлү табелдик курал менен куралданууга тийиш. Табелдик куралын алган соӊ, милициянын лейтенанты жыйындар залына багыт алып, ал жерден жалпы көрсөтмөлөрдү алат. Милиция кызматкерлерине бир күндүн аралыгында катталган олуттуу кылмыштар жана окуялар жөнүндө маалымат берилип, аткарылуучу тийиштүү милдеттер коюлат. Бүгүн, ыкчам кезметчи өзгөчө оор кылмыш жасаган аялды, ошондой эле шаарда дайынсыз жоголгон жаранды издөө зарылчылыгына көңүл бурууда. Демек, кечинде милиция кызматкерлери, бул окуялардын күбөлөрүн жана жагдайларын аныктоо үчүн шаар жашоочуларын кыдырып өтүшү керек.

Кошуналарына тынчтык бербеген кошуна…

Тийиштүү көрсөтмөнү алгандан кийин, биздин каарман нөөмөт кызматына сапар алып, ал жерден тейлеген аймактан кабар түшкөнү маалым болду. «102» байланышына улгайган аял чалып, кошуналары түнү бою тынчтык бербей жатканын кабарлады.
Аталган дарекке бара жатканыбызда, милициянын аймактык ыйгарым өкүлү кошуналарына тынчтык бербей жаткан кошуна ага жакшы тааныш экендигин биз менен бөлүштү. Соо кезинде – кемчиликсиз, тынч жана сылык жигит. Спирт ичимдигин ичип алса эле таптакыр башка адам.
Аталган үйгө келип, үчүнчү кабатка көтөрүлдүк. Таӊ атканга чейин майрам созулган батирдин алдында турабыз. Милиция кызматкери эшиктин коңгуроосун басты. Эшикти көздөрү шишиген жигит ачып,   милиция кызматкерине араң көӊүл бурду…
Андан кийин тийиштүү аракеттер көрүлүп, арыз ээси, кошуналар жана тартип бузуучу суралды. Иш кагаздарынын толук тизмеси түзүлгөндөн кийин, милициянын аймактык ыйгарым өкүлү материалдарды аксакалдар сотунун кароосуна жөнөтөт.

«Мас абалдагы чыр» үчүн 30 саат коомдук жумуш

Андан соӊ Балыкчы шаардык сотуна багыт алдык. Милициянын лейтенанты Белек Эркимбаев жана анын шериги 23 жаштагы жигитти сотко коштоп барышты. Жакында эле бул жигит жарандык жубайы менен чырдаша кеткен. Жубайлар чыр-чатакты тынчтык менен жөнгө салалбай, оозеки сөздөр жардам бербей, аракка акыл-эсин алдырган жигит жабырлануучуну сабап, денесине залакат келтирген.
Эми сот чечими менен жигит 30 саат коомдук иштерге тартылды. Өзүн жоготкон жигит, милиция кызматкерлери менен болгон аӊгемелешүүдө эми мындай ишке барбастыгын убада кылып үйүнө шашылды. Көрсө, ачуусу тараган жарандык жубайы аны кечириптир…

Ар дайым элге жакын болуу…

Биз болсок, биздин каарманыбыздын №2 коомдук-профилактикалык борборунда жайгашкан кызмат бөлмөсүнө бет алдык. Анын жумуш столунун үстүндө 15тен ашуун үй-бүлөлүк зомбулук, ар кандай укук бузуулар, кылмыштар жана жоруктар боюнча материалдар топтолуптур. Бардык материалдар кыска мөөнөттүн ичинде чечилиши керек.
Аталган материалдар менен таанышып жаткан учурда милиция кызматкерине орто жашап калган эркек адам кайрылып калды. Анын айтымында, кечинде теӊтушунун тоюнда болуп, ал жерден жөө үйүнө кайтып бара жатканда, кайсыл жерден уюлдук телефонун жоготуп алганын билбейт. «Бардык байланыштар ошол жерде калды, мен аны жакында эле сатып алгам, жакшы телефон, ыңгайлуу болчу» деп кейип жатты ал киши. Милиция кызматкери андан арызды кабыл алып, жаранга: «Балким, уюлдук телефонду кимдир бирөөлөр таап алгандыр жана аны кайтарып бериши мүмкүн» деп, гезитке жарнама берүү кеӊешин берди.
Мындай кеӊешин бергенинин себебин бизге төмөндөгүчө түшүндүрдү:
“Жакында эле бир аял бизге уурулук боюнча арыз менен кайрылган. Ал уюлдук телефонун базардан уурдатканын, бирөөлөр чөнтөгүнөн сууруп кеткендигин айтты. Мен анын арызын кабыл алып, жарнама да берип көрүӊүз деп кеӊешимди бердим. Ишенесиӊерби, эки күндөн кийин ал аял мага келип, телефонун кайтарып беришкенин айтты. Көрсө, анын телефонун таап алган бир келин жарнаманы көрүп кайтарып бериптир».

Олуттуу жаӊжал… Башталгыч класста…

Бир маалда милициянын аймактык ыйгарым өкүлү телефон аркылуу бир нече чалууларды жасап, бири-бирине арыз жазган арыз ээлерин иш бөлмөсүнө чакырды. Окуя жок жерден орун алыптыр. Көрсө, башталгыч класстын эки окуучусу өз ара чырдаша кетишип, андан кийин ар бири энелерине даттанышкан. Анан ата-энелери өз ара мамилелерин чечишүүгө киришип, балдардын чыр-чатагын жөнгө салуунун ордуна бири-бирин кемсинтүү менен окуяны аякташкан.
«Мындай арыздарды териштирип жатканда мен ар дайым адамдарга компромисс табууну, чыдамдуулукту жана бири-бирине урмат көрсөтүүнү сунуш кылам. Өз ара кемсинтүү менен көйгөйдү чечүүгө болбойт. Муну бардыгы эле түшүнө бербегени өкүндүрөт», — дейт милициянын лейтенанты.

Түшкү тамактануунун ордуна — материалдарды текшерүү…

Түшкү тамактануунун убакыты келди. Бирок, аны айтып отуруунун кажети жок көрүнөт. Эч ким эч жакка кетпей, иш бөлмөсүнөн тандыр нан менен чай ичкенден кийин кызмат уланып жатты. Ага кошумча саат 14тө шаардык бөлүмгө жумушчу чогулушка катышуу керек.
… Жумушчу чогулуштан кийин Белек Эркимбаев жаңы материалдар жыйнагы менен кайтып келди. Алардын ар бири боюнча кылдат текшерүү жүргүзүү керек. Материалдардагы фигуранттар милиция кызматкерине жакшы белгилүү. Ал өзү тейлеген аймакта коомдук тартипти бузгандардын дээрлик бардыгын кандай табууну жакшы өздөштүрүп алган…

Куралдарды текшерүү…

Иш кагаздары менен иштеп бүтүп, дагы эки жаранды сурагандан кийин милициянын лейтенанты курал ээсин текшерүү үчүн өз аймагындагы үйлөрдүн бирине сапар алды. Жаран кароолчу болуп иштегендиктен, күндүзгү мезгилде гана үйдө болот. Тийиштүү дарекке бара жатып, ал курал ээлеринен тышкары шарттуу соттолгон, ошондой эле көзөмөл астында турган адамдарды ар дайым жашаган жеринде текшерип турарын айтып берди. Үй жанына келгенибизде, меймандос адам бизге эшигин ачып тосуп алды. Ал сыймыктануу менен катталган мылтык бардык эрежелерге ылайык сакталып турган заманбап сейфин көрсөттү. Тийиштүү белгилерди коюп, милициянын аймактык ыйгарым өкүлү курал ээсине дагы бир жолу ок атуучу куралды сактоо жана кайра каттоо эрежелерин эскертип кетти.

Эшикти ачкыла, милиция!

… Кайрадан коомдук-профилактикалык борборго кайттык. Дагы бир нече зарыл телефон чалуулар жана иш кагаздарды толтуруу. Ал эми алдыда үймө-үй кыдыруу да турат. Күнүнө милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлү 15тен ашык үйлөрдү кыдырып, ээлери жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү менен жолугушушу керек. Бүгүн болсо, эртең менен коюлган тапшырмаларды эске алганда, алардын саны 60ка жакын болушу мүмкүн.
Белек Эркимбаев жарандар менен сүйлөшкөн учурда, өзүн сылык, сыпаа, ошол эле учурда чечкиндүү алып жүрөрүн байкадык. Ичимен анын жакшы психолог экендигин белгилеп, балким, бул кесипте так ушундай кызматкерлер болушу керек деген бүтүмгө келдим. Себеби, ар бир адам менен иштөөдө, аларды өзүӊө тартып алуу чоӊ жетишкендик болуп саналат эмеспи.
«Ушунун баарына кантип убакыт таап жатасыӊ, эң негизгиси чыдамдуулукка кандай жетишип жатасыӊ?» деп сураганыбызда, ал кызматын жакшы көрөрүн жана ар кандай кыйынчылыктарга түшүнүү менен мамиле кылууга аракет кылаарын айтты.
Кечке жуук милициянын аймактык ыйгарым өкүлү кайрадан шаардык ички иштер бөлүмүнө кайтты. Табелдик куралы тапшырылгандан кийин, «Макаров» тапанчасы сактоого алынды…
Бирок, Белек Эркимбаевдин негизги куралы ар дайым өзү менен. Жок, ал табелдик курал эмес, ал — чыдамдуулук жана ар бир адамды угуу жөндөмү…
Ысык-Көл ОИИБдин Басма сөз кызматы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.