ШЫКМАМАТОВ: «»Камбар-Ата-1″ ГЭСин Кыргызстан кура албайт, Өзбекстан капитал салууга даяр»

ШЫКМАМАТОВ: «»Камбар-Ата-1″ ГЭСин Кыргызстан кура албайт, Өзбекстан капитал салууга даяр»

Бул тууралуу кечээ, 23-мартта, Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов “Азаттык” радиосуна  билдирди.

Анын айтымында, башкаруу жана өндүрүлгөн энергия өзүбүздө болот, ГЭС биздин менчик бойдон калат, Өзбекстан болгону капитал гана салат. Нарын дарыясына курулмакчы болгон «Камбар-Ата-1» гидроэлектростанциясын Кыргызстан өз алдынча сала албайт. “Чынын айтсам, Кыргызстандын мүмкүнчүлүгү жок. Сөзсүз инвестор керек. Өзүбүз салабыз десек, ал — утопия. Дагы 10 жыл күтүш керек. Бул долбоорду Өзбекстан менен бирге үч жылда ишке ашырса болот«, — дейт А.Шыкмаматов.

Ошондой эле Шыкмаматов президент Садыр Жапаровдун Өзбекстандагы сапары учурунда бул долбоор боюнча эки тарап ниетин гана билдиргенин айтат. “Биринчи, экинчи пункт, келишим дегенге жете элекпиз. Болгону ниет. “Эгер силерге инвестор керек болсо, биз болуп берели” деген сөз болду. Биз “Эмне үчүн мүмкүн эмес? Келгиле” дедик. Эми эки министрлик келишим долбоорун түзүп, талкуулап, керек болсо талашып, ынандыра турган, кийин өкүнүп калбай турган келишимге барышыбыз керек”, — дейт Шыкмаматов.

«Камбар-Ата-1» электростанциясы Токтогул ГЭСине караганда электрди көп чыгара турган ишкана болору айтылып келет. Аны курууга өзбек тарап катышары тууралуу айтылгандан бери «Өзбекстандын катышуусу кандай болот? Үлүш кандай бөлүштүрүлөт?» деген суроолор айтылып жаткан жана айтылып жатат…

«Камбар-Ата-1ди» куруу боюнча буга чейин канча чатак иштер болгону баарыбыздын эле эсибизде. Атамбаев заманында Орусиянын «РусГидро» энергетикалык компаниясы менен чогуу курабыз деген аракеттен майнап чыкпай, «РусГидро» долбоорго салган инвестициябыз деп кыргыз тарапты  37 миллион долларга төлөмөр кылып, кийин эл аралык сотко берип, Өзбекстан болсо, бул иш боюнча кыргыз жана орус өкмөттөрү кол койгон 2012-жылы «Камбар-Ата-1″ курулбасын деп каршылыгын катуу билдирип чыккан болчу. «РусГидродон» кийин, 2017-жылы жайында Кыргызстан чехиялык «Liglass Trading CZ» компаниясы менен Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын жана он чакан ГЭС куруу  келишимин түзүп, бул компания Орусиянын карызын да төлөп бере турган болду. «Liglass Trading CZ» компаниясы карызды төлөмөк түгүл, таза эмес, кыӊыр иштери кыйла компания экени дайын болуп, ал келишим да жокко чыгарылган…

Негизи эле ГЭСтерди куруу боюнча Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосунда ыйкы-тыйкы маселелер болуп келген, бирок Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев президент болгондон кийинки Кыргызстанга болгон мамлекеттик иш сапарында бул багытта кызматташуу боюнча ал учурдагы президентибиз Алмазбек Атамбаев сүйлөшүшкөнүн:  «Биз суу маселелелери, электр станцияларды куруу боюнча боюнча абдан олуттуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Алмазбек Шаршенович бир дагы станция Өзбекстандын катышуусуз курулбайт деп айтты. Мен толугу менен макулмун. Каржы, ресурс, кайсы жагынан гана болбосун, биз активдүү колдоого даярбыз. Камбар-Ата бизге керек жана зарыл. Биз биргелешип курабыз. Муну абдан терең ойлонуп ишке ашырышыбыз керек. Бул эки тарапка тең пайдалуу болуусу кажет. Бул пайдалуу»,— деп билдирген эле…

Дегенибиз, Алмамбет Насырканович айтып жаткан ниет, иш-максат «бир дагы станция Өзбекстандын катышуусуз курулбайт» деген ошол сүйлөшүүнүн уландысы катары эле уланып жаткандай… Анткени, Өзбекстан бул маселе боюнча жаӊы ойлонуп жаткан жок…илгертен кызыкдар… алар башка коӊшуларыбыз сындуу эле баарыбыз жайгашкан чөлкөмдө суу маселесинде оӊтойлуу позицияда болууга ынтызар…

Эми кеп биздин кызыкчылыктын, мурунку-кийинки бийликке наалат айтпагыдай болуп түбөлүккө сакталышында, биздин байлыктардын биздики бойдон калышында…

Наалатка калбагыла эӊ башкысы…

 

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.