Абдирашит ЖОЛДОШОВ: “Калктын тынчтыгы жана бейпилдиги мен үчүн маанилүү”

Абдирашит ЖОЛДОШОВ: “Калктын тынчтыгы жана бейпилдиги мен үчүн маанилүү”

РЕДАКЦИЯДАН: Биздин редакция көптөн бери Ички иштер министрлиги менен кызматташып, «Ар бир адам — бир аалам» аттуу рубрика алдында ары кооптуу, ары жооптуу кызматта иштеп жаткан ИИМдин эр-азаматтары, айымдары тууралуу макала-материалдарды сүрөттөрү менен жарыялап келет. 

ИИМдин бул жолку каарманы — милициянын улук лейтенанты, 29 жаштагы Жолдошов Абдирашит Махаматович. Ал Кадамжай РИИБнин “Рузимат Нийматов” атындагы Айдаркен айылдык милиция бөлүмчөсүнүн милициянын участкалык уполномоченныйы, Кадамжай районунун Бирлик айыл аймагынын Ормош айылынын тургуну.

Ал 2014-жылы КРнын ИИМнин Э.Алиев атындагы Академиясын аяктап, алгач Лейлек РИИБнин эсепке алуу, каттоо, статистикалык иштер тобунда инспектор, ошол эле бөлүмчөдө жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын инспектору болуп кызмат өтөгөн. Айдаркен шаарчасында коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулуктун алдын алуу багытында көп жумуштарды жасайт. Себеби бул аймакта көп улуттун элдери жашагандыктан улуттар арасындагы ынтымакты бекемдөө максатта ар кандай иш-чараларды өткөрүп келет. Аны коомдук алдын алуу борборунун мүчөлөрү менен биргеликте уюштуруп, калктын тынчтыгы, аймактын бүтүндүгүн сактоо негизги милдети болуп саналаарын жакшы билет.

Негизинен Айдаркен шаарында уурулук, алдамчылык фактылары көп катталат. Мындан сырткары чакыруулар көп түшөт. Ар бир түшкөн материалдын мыйзамдуулугун карап, кылдаттык менен чечим кабыл алган милициянын улук лейтенанты А.Жолдошов ушул жылдын 23-мартына чейин жалпысынан маалыматтык электрондук журналына катталган 49 материал, анын ичинен 14 кылмыш иши, 16 жорук иши боюнча текшерүүлөрдү жүргүзгөн. Ал эми КРнын Бузуулар кодексинин негизинде жалпысынан 54 атуулга протокол толтуруп, мамлекеттин эсебине 49000 айып пулу өндүрүлгөн. Ошондой эле кол астындагы милициянын уполномоченныйларына жакындан жардам берип, алардын аткарган иштерин көзөмөлдөп турат.

2021-жылдын 2 ай аралыгында Рузимат Нийматов айтындагы аймактык милиция бөлүмчөсүнүн милициянын уполномоченныйлары жалпысынан 5 кылмыш, 4 жоруктун бетин ачышкан. Айдаркен шаарындагы коомдук алдын алуу борборунун аксакалдар соту, аялдар кеңеши менен тыгыз иш алып барып, милициянын көчмө кабылдамасы менен тейлеген аймагындагы жарандардын үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштерин үймө-үй кыдырууларда жүрүгүзүп келет. Жыл башынан бери коомдук алдын алуу борборлорунун мүчөлөрүнө 2 материал жөнөтүп, жыйынтыгы чыгарылган.

Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.