УКМК: «Бабановдун жазык иштери жабылды, ал жардамга 100 млн. сом бөлөт»

УКМК: «Бабановдун жазык иштери жабылды, ал жардамга 100 млн. сом бөлөт»

Мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановго карата жүрүп жаткан териштирүүлөр токтотулду. Ал мамлекеттик бюджетти колдоо иретинде өз ыктыяры менен казынага 100 миллион сом төкмөй болду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматына караганда, буга чейин прокуратура жана тергөө органдары Бабановго жана ага байланышы бар коммерциялык структураларга карата козгогон жазык иштери токтотулду. Мындай чечимдин кабыл алынышына Өмүрбек Бабановдун жана анын туугандарынын мамлекетке да, ишканалар менен жарандарга да тийгизген зыяны тууралуу фактылар жок экени себеп болгон.

Эске сала кетсек, Башкы прокуратура 2017-жылы 28-сентябрда, агездеги президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановго Ош шаарынын Амир-Темир кичирайонундагы сүйлөгөн сөзү боюнча кылмыш ишин козгогон. Андан тышкары, ага карата “бийликти басып алууга даярдык көрүү” деген айып тагылып, иш ачылган. Ал Сооронбай Жээнбековдун негизги атаандашы болгон, шайлоодо утулуп калгандан кийин саясаттан кетээрин билдирип, мандатын тапшырып, «Республика» партиясынын лидерлигин депутат Мирлан Жээнчороевге өткөрүп берип, Орусияга чыгып кеткен. Ошол бойдон кийин ал жактан бир канча жолу «билет алынды, барган жатам», «кайткан жатам» деп үн каткан болуп, кайра ар кыл шылтоо менен дымып келбейт жүрдү эле…

бирок 2019-жылы 9-августта Кыргызстанга кайтып келди. 29-августта Финансы полициясына чакырылып, сурак берип чыккандан кийин УКМКда жана Финансы полициясында ага каршы 8 иш тергелип жаткандыгы маалымдалган болчу.

Анан эле баягы октябрдагы чатак шайлоо… бүлүк салган шайлоо… бийлик алмашкан шайлоо болуп… Өмүрбек Бабанов 2020-жылы 6-октябрда Алмазбек Атамбаев кошулган митингге катышып, Бишкектеги Ала-Тоо аянтында  сүйлөп да чыккан. Бирок ал жерден ал кошулган тарапты Садыр Жапаровду жактаган тарап кууп чыккан болчу. Кийин эле, 6-ноябрда Садыр Жапаровго жолукканын, көп нерсени сүйлөшүшкөнүн «Фейсбуктагы» баракчасына жазып, чогуу түшкөн сүрөтүн да жайгаштырган эле (анда эмне деп жазганын бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаӊыз болот).

Анан ошол… мамлекеттин керегине жарасын деп, өз ыктыяры менен казынага 100 миллион сом төкмөй болду… Төккөндөн кийин балким башка да аракеттери бардыр, аларды убакыт көрсөтөр…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.