ӨКМ аба ырайы тууралуу шашылыш билдирүү таратты. Күн качан жылыйт?

ӨКМ аба ырайы тууралуу шашылыш билдирүү таратты. Күн качан жылыйт?

ӨКМ басма сөз кызматы аба ырайы тууралуу шашылыш билдирүү таратты. Алардын айтымында, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жана Бишкек шаарында жамгыр катуу жаайт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт.

Күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-260 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы); Ала-Бука-Жаңыбазар-Кировка унаа жолунун 72-91-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу);Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында;  Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 42-44-чакырымдарында (Ийри-Суу тилкеси), 67-93 чакырымдарында (Кара-Гөө ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

27-марттан 30-мартка чейин Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт: көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 29-30-марттарда тоо этектеринде жаан карга айланышы күтүлөт. 28-мартта Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда, 29-мартта түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, 29-мартта күндүз Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тонголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт.

29-30-мартта абанын температурасы төмөндөп: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…5° жылуу, күндүз 1…6° жылуу, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -2° сууктан …+3° жылуулукка чейин, күндүз 1…6° жылуу, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 1…6° жылуу, күндүз 8…13° жылуу, Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 0…-5° суук, күндүз 2…7° жылуу, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -2…-7° суук, күндүз -1° сууктан …+4° жылуулукка чейин, тоолуу райондордо түнкүсүн -14…-19° суук, күндүз -4…-9° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

ӨКМ басма сөз кызматы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.