ВИДЕО — Үй-бүлөсүн Тажикстандан Кыргызстанга көчүрүп келген Аброр Разиков

ВИДЕО —  Үй-бүлөсүн Тажикстандан Кыргызстанга көчүрүп келген Аброр Разиков

Өз эли-жери үчүн кызмат кылууну жашынан кыялданган Аброр Разиков бир кезде жогорку билимге ээ болуш үчүн Тажикстандан Кыргызстанга алгач өзү келип, кийин жанына бир туугандарын чакыртып алып,  жыл айланбай ата-энесин көчүрүп келгендиги жана кыялданган кесибинде учурда кандай жетишкендиктерди жасап жаткандыгы тууралуу Чүй ОИИББдин Басма сөз кызматы чакан мкала-баяндама жасаптыр. Кепке ортоктош болуӊуз, окурман…

Разиков Аброр — Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүндө жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын улук инспектору, милициянын ага лейтенанты. Ал бүгүнкү күнү «Кыргыз мамлекетинин өнүгүп-өсүүсү үчүн өз салымымды кошсом» деген бийик максаты менен өз кызматын жоопкерчилик менен аткарып келет.

Аброр Разиковдун күнүмдүк жумушу да бир топ, бир кыйла түйшүктүү.

 Алар:

өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун, тартип бузуулардын алдын алуу;
• аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү аныктоо, ал үй-бүлөлөрдөгү жашы жете элек өспүрүмдөрдү каттоого алуу;
• социалдык өнүктүрүү кызматкерлери менен биргеликте иш алып баруу;
• сабактарга катышпай жүргөн өспүрүмдөрдөн кабар алуу;
• алардын ата-энелери менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
• өспүрүмдөргө тарбиялык мааниде кеп-кеӊештерди айтып аӊгемелешүү, лекцияларды окуу жана башка ушул сындуу иш-чараларды уюштуруу…

Анткен менен ал бул кызматын ырахаттануу менен аткарып, «коомдук коопсуздукту камсыздоодо жана кылмыштуулуктун алдын алууда өз пайдам тийсе» деген жалгыз максаты бар экенин өз сөзүндө дайым белгилейт.

Аброр Разиковдун өзүнө келсек, ал Тажиксан Республикасынын эл «Жер жылдызы» атап койгон Жерге-Тал районунда туулган этникалык кыргыз. Ал бала кезинен Кыргызстанга келип окуп, ушул жерде кызмат кылууну кыялданып чоңойгон. Орто мектепти ийгиликтүү аяктаган соң, ошол жашынан кыялданган Бишкек шаарына келип жогорку окуу жайлардын бирине — Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Педагогика жана психология институтуна келип тапшырган. Ушул окуу жайда окуп жүргөндө билим алуудан тышкары ар түрдүү иш-чараларга жигердүү катышып, Тажик жериндеги этникалык кыргыздарга байланыштуу маселелерди көтөрүп, алтүгүл учурда ал жердеги илимий иштер боюнча проректор Каниметов Эмил Жангорозович менен биргеликте «Тажикстандык кыргыз жаштарынын билим алуу маселелери» деген тема коюп конференция өткөрүшкөн. Бир катар бирикме- уюмдардын көмөгү менен кыргыз тилинде 23 миң даана адабий жана окуу китептерин өзү туулуп-өскөн айылына жеткирип берген.

Айтмакчы, Аброр Разиков өзү үй-бүлөнүн улуусу болгондуктан, инилери орто мектепти аяктаган соң аларды Бишкек шаарына окууга чакырып алган. Кийин 2011-жылы ата-энесин дагы Кыргызстанга көчүрүп келүүгө жетишкен.

Өзү болсо, жогорку окуу жайды аяктаган соң, 2012-жылы ички иштер органдарына жумушка орношкон. Алгач ИИМдин Күзөт кызматында, ИИМдин атайын багыттагы “Шумкар” полкунда кызмат өтөп, кийин Аламүдүн РИИБнө аймактык милиция кызматкери болуп которулган. Соӊку мезгилде үч жылдан ашык убакыт жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясында кызмат өтөп келет. Бүгүнкү кызматы өлкөбүздүн келечеги болгон жаш өспүрүмдөр менен байланыштуу болгондуктан, болгон мүмкүнчүлүгүн жумшап, мамлекетибиздин өнүгүп-өсүүсү үчүн ак кызмат кылууга тандап алган кесиби менен сыймыктанаарын билдирет.

Чүй ОИИББдин Басма сөз кызматы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.