Бири-бирин кызганбай, ары кооптуу, ары жооптуу кызматта келаткан жаш жубайлар

Бири-бирин кызганбай, ары кооптуу, ары жооптуу кызматта келаткан жаш жубайлар
 РЕДАКЦИЯДАН: Биздин редакция көптөн бери Ички иштер министрлиги менен кызматташып, «Ар бир адам — бир аалам» аттуу рубрика алдында ары кооптуу, ары жооптуу кызматта иштеп жаткан ИИМдин эр-азаматтары, айымдары тууралуу макала-материалдарды сүрөттөрү менен жарыялап келет. 

ИИМдин бүгүнкү коногу — Чүй РИИБнын КМКнын ыйгарым укуктуу ыкчам кызматкери, милициянын улук лейтенанты Жоошбаев Азамат Алтынбекович жана анын жубайы Чүй РИИБнин Коомдук коопсуздук кызматынын Жашы жете электер менен иштөө боюнча инспекциясынын милициянын аймактык инспектору, милициянын лейтенанты Акылбекова Айдана Акылбековна. Алар менен Ахтита ЭДИЛБЕК кызы маек курган.

Бир кесипти тандап, бир жолго түшкөн жаш жубайлар

Бүгүнкү биздин коноктор бир жерде окуп, бир жерде иштеп, бир кесиптин ээси болгон,  милиция кызматына өз салымын кошуп, бир жерден агарып-көгөрсөк деген ниетте ак кызмат кылып, бири-бирин үйдө да, иште да колдоп турган жаш жубайлар  — Чүй РИИБнын КМКнын ыйгарым укуктуу ыкчам кызматкери, милициянын улук лейтенанты Жоошбаев Азамат Алтынбекович жана анын жубайы Чүй РИИБнин Коомдук коопсуздук кызматынын Жашы жете электер менен иштөө боюнча инспекциясынын милициянын аймактык инспектору, милициянын лейтенанты Акылбекова Айдана Акылбековна. Алар менен маек курдум.  Маекти үй ээси Азамат мырза баштады.

Азамат Жоошбаев: — Мен 1995-жылы, 9-декабрда Токмок шаарында жарык дүйнөгө келип, балалыгым ошол жакта өткөн. Түпкү жерим Токтогул районундагы Көтөрмө деген айыл. Токмоктон орто мектепти бүтүп эле ИИМдин Академиясына тапшырып, билим алдым. Андан соң Чүй РИИБдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкери болуп эмгек жолун баштадым. Үйдө жалгыз уулмун. Айдана жалгыз, эрке келин.

Айдана Акылбекова: — (Күлүп) Мен да өзүмдү тааныштыра кетсем, 1998-жылы 25-майда Бишкек шаарында төрөлүп, чоңойдум. Төрт кыздын үчүнчүсү болом. Менин дагы түпкү ата-тегим — Нарындын Ак-Талаа районундагы Терек айылына барып такалат. Менин деле өмүр баяным жолдошумдукундай. ИИМдин Академиясын аяктап, жашы жете электер инспекциясына инспектор болуп кызматымды баштадым. Азаматка былтыр күздө турмушка чыгып,  үй-бүлө менен кызматтын «казанында кайнап» турган чагым.

— Милиция кызматын тандоого эмне себеп болду?

Азамат Жоошбаев: — «Ар бир кесип ардактуу» деген сөзгө кошулат элем. Бирок, биздин кесип башкалардан айырмаланып турат, кооптуу. Милиция мамлекеттин жана жарандардын коопсуздугуна жооп берген ары милдеттүү, ары сыймыктуу кесип. Ушундай сыймыктуу кесиптин ээси болсом деген балалык кездеги кыялым. Кичине кезимен эле форма кийип, өзүмдү алсыздарды коргогон каарман катары элестетчү элем. «Жаштын тилегин берет» деп кыргызда бекер айтпаса керек. Мектепти аяктаган соң, КРдин ИИМдин Э.Алиев атындагы Академиясынан билим алып, тарбияланып чыгып, балалык кыялымды ишке ашыра баштадым. Милиция деген кандай кесип экенин милиция болуп иштегендер гана билсе керек. Бул жакта баары бар детектив, трагедия, боевик, керек болсо кээде комедия да болуп кетет. Ар кандай кырдаалдар болот. Ар кандай адамдар менен иштешесиң, болгондо да кылмышка шектүүлөр менен. Бизде «Сегиз саат иштедим болду, кеттим же иш убактысы бүттү, эртең кел»деген түшүнүк жок. Ар дайым байланышта болуп, күн чакырса күн, түн чакырса түн кызматка даяр болушуң керек.

Айдана Акылбекова: — Жолдошумдун сөзүнө кошулам. Бул абдан сыймыктуу кесип. Милициянын формасын кийип жүрүүнүн өзү эле чоң жоопкерчилик. Мен да кичине чагыман эле өзүмдү аскер кызматкери катары көрчүмүн. Адегенде, чек ара кызматкери болгум келип жүрдү. 11-класста окуп жүргөндө, апам жол кырсыгына кабылып, кырсыкка күнөөлүү адам жазасыз калды. Атам адилеттүүлүктү талап кылып барбаган жери калган жок. Ошол учурда апам ооруканада кыйналып турганда, сүзүп кеткен киши эркиндикте жүргөнүн көрүп, колуман эч нерсе келбегенине ыза болдум. Ошондон кийин бизге окшогон абалда калган карапайым элге жардам берем деген максатта милиция кызматкери болом деген бир чечимге келдим. Иштеп жүрүп түшүндүм, бул кесип мен ойлогондон да татаал экен. Бирок кесибим менен сыймыктанам.

— Кызмат эмнени үйрөттү жана үй-бүлөгө канчалык деңгээлде таасирин тийгизди?

Азамат Жоошбаев: — Мен негизи Чүй районунун ички иштер бөлүмүндө Криминалдык милиция кызматында ыкчам кызматкер болуп иштейм. Ал жерде кыраакы жана баамчыл болуп баштайт экенсиң. Таза, тыкан жүрүп, өзүмө, ден соолугума карап, ар бир майда ишке маани берип, көп ойлонуп, токтоо тартып калдым. Андан сырткары, шамдагай, эпчил болушуң керек, айтор, жигитке таандык баардык мүнөздөр калыптанып, жоопкерчиликти сезип каласың. Ал эми үй-бүлөмө токтолсок, ата-энем, туугандарым кош колдоп колдошот. Апам эле эне катары мен үчүн сар-санаа болгону болбосо, калганы баары жакшы. Өзүмдүн чакан мамлекетиме оң таасирин бергени болбосо, терс таасирин көрө элекмин. Жубайым экөөбүз бир кесипти аркалагандыктан бири-бирибизди айттырбай түшүнүп, бул жаатта маселе деле жаралбайт.

Айдана Акылбекова:: — Жумушубуз чындыгында оор, өзгөчө балдар менен иш алып баруу психологиялык жактан, абдан чоң күч талап кылат. Убакытка карабай иш алып барабыз, ишибизде болсо ар кандай жагдайларга туш болобуз. Ар кандай адамдар менен иштейбиз. Айтор, татаал кесип. Ошого карабай жеке жашоону да чогуу алып кеткенге аракет кыласың. Бир чети жолдошуң экөөң бир кесипти аркалаганың деле жакшы экен. Түшүнүү менен кабыл алып, жардам берип, колдоп турса жумушуңдун оор экенине деле кайыл болуп каласың. Ал эми кызмат бизге мыйзамдуулукту, эмгекчилдикти, жана жоопкерчиликти үйрөттү.

— Келинчегиңиз оор, кооптуу кызматты аркалашына каршы болбойсузбу?

Азамат Жоошбаев: — Экөөбүздүн бактыбыздын себепчиси кесибибиз болду да. Ошондуктан, каршы деле болбойм. Анын үстүнө келинчегим үчүн бул кесип канчалык маанилүү экенин менден артык эч ким билбесе керек. Үй-бүлөдө ишенич бул дубал сымал да ошондуктан, мен тескерисинче колдоп, жардам берип турам. Өзү дагы кесиби менен үй-бүлөнү бирдей алып бара жатат. Жумуштан кийинки убактысын мени менен өткөрүп, ата-энемди сыйлап турат. Мен үчүн ошол жетиштүү.

— Кызмат менен үй-бүлөнү чогуу алып жүрүүдө кыйынчылык жаралбай элеби?

Айдана Акылбекова: — Башында бир аз кыйын болду. Кайын журт, салт-санаа деген бар эмеспи. Конок тосуп, келиндик кызмат кылыш керек. Бирок, кайын журтум түшүнүктүү адамдар. Бир чети жолдошумдун колдоосунун артында кыйынчылык деле жаралган жок. Баары мурдагыдай эле, болгону жашооңдо дагы бир сен үчүн маанилүү адам пайда болуп, ага да өзүңдөй кам көрүп калат экенсиң. Келечекте да үй-бүлө менен кызматымды бирдей алып жүргөн, иште да, үйдө да туруктуу айым болгум келет.

— Кантип, каерден таанышып калдыңыздар эле?

Азамат Жоошбаев: — Академияда окуп жүргөндө эле Айдананы сыртынан көрүп калчумун. Абдан сулуу болчу. Таанышайын деп ыңгайлуу учурду күтүп жүрдүм, себеби, мен 3-курс, Айдана 1-курс болчу. Анан бир күнү нарядда постто турсам, Айдана ашканага нарядга туруп калыптыр, анан ошол жерден таанышып, сүйлөшүп калдык. Ошондон кийин беш жыл кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп баш коштук. Таанышканда эле зиректигин, акылдуулугун байкап, болочоктогу жубайым катары көргөм.

Айдана Акылбекова:: — Мен окууга 2016-жылы тапшырдым да, анан жаңы келсем, тартип-тарбиясы башкача, жаңыдан көнүшүп жүргөн кезим болчу. Ошон үчүн го Азаматты деле көп байкаган эмесмин. Жөн гана тааныш катары кабыл алып, анда-санда учурашып калчубуз. Бир күнү нарядга туруп калып жакындан тааныш болуп калдык. Бирок, мен телефон номеримди берген эмесмин, болбой эле таап чалып калды. Чалганда эле өжөрлүгү жаккан. «Эр жигиттин өжөрлүгү жакшы» деген сөз кулагымда калыптыр да. Чалып эле өзүн тааныштырбай, ал-жайымды сурап, «Ким бул?» деп сурасам деле айтпай аябай таң калтырган. 2020-жылы күзүндө колумду сурап, баш коштук.

Пикир келишпестиктер болсо керек, аны кантип жеңесиздер?

Азамат Жоошбаев: — Албетте, пикир келишпестик болот. Талашабыз-тартышабыз, аягында кеңешип, элдешип алабыз. Андай нерселер бардык эле үй-бүлөдө болсо керек. Айдананын артыкчылыгы ишимди түшүнөт. Эрте кеттиң, кеч келдиң деген маселе болбойт. Айдананын кесибинен кемчилик көрбөйм деле, бирок, издесең табылат. Болгону «көз жумуп» коем. Себеби, чогуу иштейбиз көрүп турам, билип турам ошондуктан ашыкча суроо берип башын оорутпайм. Муну мен ишибиздин артыкчылыгы катары көрөм. Жумуш деген жумуш, Айдана деле жумуштан кийин үйгө шашып турат. Үйдө болсо, таза, тыкан, формам үтүктөлгөн, тамагым жасалган. Ошондуктан, ишке байланыштуу түшүнбөстүктөр көп болбойт.

Айдана Акылбекова:: — Азамат айткандай, казан-аяк бардык эле үйдө кагышса керек. Бизде да болот. Жолдошум экөөбүз баш кошконго чейин эле беш жыл сүйлөшүп жүрүп, мүнөзүбүздү жакшы эле тушүнүп, табитибизди билип калдык. Эмне жакпайт, эмне жагат дегендей. Кайсы учурда ачуусу келет, аны кантип басыш керек. Айтор, бири-бирибизди айттырбай түшүнөбүз. Артыкчылыгы — башка жубайларга караганда, бири- бирибиз менен бат-баттан көрүшөбүз. «Кайда жүрөсүң, эмнеге кеч?» деген кызганыч болбойт. Тескерисинче, жумуш кандай оор экенин билип, колдоп түшүнүү менен кабыл алат.

— Кайын журтта кандай жубайсыздар?

Азамат Жоошбаев: — Өзүңчө чакан мамлекет кургандан кийин жоопкерчилик артып, өзүң менен кошо дагы бир адам үчүн жооптуу болот экенсиң. Үйдө жоопкерчиликтүү, бири-бирибизге камкор жубайларданбыз. Кайын-журтта болсо, бир аз тартынчаакмын. Жакшы эле күйөө бала болсом керек деп ойлойм. Айдана айтып калат, «Сени атама Токтогулдан деп айткандан коркчумун» деп. Бирок, мени жакшы эле кабыл алышты. Мен да жооп кылып, аларды келинчегимден кем калбай сыйлаганга аракет кылам. Алдыда чоң-чоң пландарыбыз бар буюрса, келечекте уул-кыздарды тарбиялап үлгүлүү жубайлардан болсок деген ниеттебиз. Кызматта болсо азыркыдай эле талбай иштеп, мамлекетибизге, элибизге салым кошкон кызматкерлерден болобуз буюрса. «Дарак бир жерден көгөрөт» дешет го, андыктан өз элибиз, жерибиз менен бирге бир жерде кызмат кыла беребиз.

Айдана Акылбекова:: — Азамат үй-бүлөдө жалгыз уул болгондуктан, кайын-журтум мени өз кызындай кабыл алды. Албетте, жаңы үй-бүлө, жаңы тартип аларга көнүш керек, анын үстүнө кызмат, бир аз кыйынчылыктар болот экен. Бирок, жаныңда сүйүктүү адамың жардам берип, күлүп-жайнап жүрсө оңой көнүп кетесиң. «Азамат үйлөнүп, чоң жигит болду» деп апам мени көбүрөөк эркелетет. Азамат айткандай, эрке келинмин. Ал эми алдыда жакшы пландарыбыз бар. Жолдошум менен чет мамлекетке чыгып билим алып, тажырыйба топтоп келсекпи деген тилек бар.

Маектешкен Ахтита ЭДИЛБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.