ВИДЕО — Союзбек СЕЙИТКАЗИЕВ: «1-апрель — алдоо күнү» деп концертке келбей койбогула, сөзсүз болот, келиңиз!»

ВИДЕО — Союзбек СЕЙИТКАЗИЕВ: «1-апрель — алдоо күнү» деп концертке келбей койбогула, сөзсүз болот, келиңиз!»

“Супер куудул”, “Мыкты куудул” номинацияларынын ээси, куудул Союзбек Сейитказиевди учкай тааныштыра кетсек, ал 1985-жылы, 16-мартта Токтогул районунун Толук айылында трактористтин үй-бүлөсүндө туулган. 5 бир тууган. Уруусу — саяк. 11-классты бүтөрү менен КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Рахман Разыковдун “Бешилик” театрына келип, тарбияланган. 10 жылдан ашык “Беш тапан” куудулдар тобунда болгон. Учурда жеке куудул.  КТРКдагы “Мыскыл жана тамаша” долбоорунун активдүү катышуучусу. Үй-бүлөлүү, эки уулдун атасы.

Союзбек Сейитказиев 1-апрелде, Бишкек шаарындагы Т.Сатылганов атындагы улуттук филармонияда Күлүп жаша!” аттуу концерт коюп, кыргыз элине күлкү тартуулаганы турат. Концерт алдында маек курдук.

— Союзбек, «1-апрель — алдоо күнү» деп, ар кимди тамашага салган учурлар болот эмеспи. Алданган жана алдаган учурлар болду беле?

— Алдоо эмес, негизи күлкү күнү. Бул күнү алдабастан, күлкү, тамашага салып, көп адамдардын көңүлүн көтөрүп, тамаша айтып турсак эмнеге болбосун?! Ушундан жаңылбайлы, алдоо эмес, күлкү күнү.  Былтыр да ушул күнгө ниет кылгам, бирок, карантинге байланыштуу ал ишке ашпай калган. (Күлүп) Быйылкы концертиме даярдыктарда “чу” дегенде эле билетим жарым метрлик болуп узун чыгып калды. Биринчи маанайым түшүп, анан кайра күлкүгө салып жакшылыкка, ийгиликке жоруп койдук. Концертке келсеңиздер, узун билет менен киресиздер. «1-апрель — алдоо күнү» деп концертке келбей койбогула, туугандар, концерт сөзсүз болот.

Учурдан пайдаланып дагы бир нерсени баса белгилегим келип турат, ушул  күнү элеэмес, бардык күндү күлкү, жакшы маанай менен өткөрүп, бири-бирибизге тамаша айтып маанайыбызды көтөрүп турганды адат кылалычы. Мени жакындарым билет, карандай калпты жаман көргөн адаммын, ошондуктан тамашага салып да эч кимди алдаган эмесмин. Ал эми алданган учурлар болгон. (Күлүп) Бул күнү эле эмес, башка күндөрү деле алданган учурлар болуп турат.

— Эмнеге бул күндү тандадыӊ?

— Атайын ушул күндү тандадым. Көптөн бери концерттин аталышын ойлоп жүрдүм. Анан, позитивдүү тема тандап, элди күлкүгө, позитивге чакыруу максатта “Күлүп жаша!” деп койдум. Мурунку жеке концертим “Сокеден сонун концерт”  деген аталышта болгон. Ошондо Сооронбай Жээнбеков президент эле. Анан ал кишиге да Соке деп каймана ат берип койбодук беле. Ошол себептен, филармонияга, көчөгө баннерлер илингенде Соке дегенди окуп таң калышкан, саясат катары да көрүшкөн, кээ бирлерине күлкү болсо, айрымдарына жаккан эмес. Концерт ийгиликтүү болгон. А менин бала кезимден каймана атым Соке.

— Соке үйдө да куудулбу?

— Өзүм дайыма шайыр жүрөм, демек, күлүп жүрөм. Үйдө урушам, күлдүрөм, көбүнчө үйдө уктайм. Үй-бүлөмдү дайыма эле күлдүрө бербейм.

— Куудулдук кесиппи же? Бул кесип менен үй-бүлө багууга болот бекен?

— Бул кесип жана талант, өнөр. Талант Кудайдан берилсе, калган жагын аракет гана өстүрүп кете алаарын көрдүм. Чынын айтыш керек, мөмөсүн кеч берген кесип экен. Үй, унаага дароо эле жете калган жокмун, баары акырындап болуп келатат. Кудай ырыскысын бере берет экен, курсагыбыз ток, кийимибиз бүтүн, эл катары оокатыбыз өтүп жатат, үй-бүлөм эч нерседен кем эмес. Келинчегим деле мени менен тең жарышып иштеп келатат, бирок, ал айта берет, “Сенин тапканың берекелүү болот” деп.

— Жубайыӊ чыгармачылыгыӊды сындайбы? Сынды кандай кабыл аласың? Өзүңдү өзүң сындаган учур болобу?

— Жубайым, албетте, сындайт. Чыгармачылыктагы кемчиликтеримди айтып, оңдой берет. Сынды табиятымдан эле туура кабыл алам. Чычалап кетесиң деп айтышат, мүмкүн ошондоймун. Мүмкүн туура эмес сындарга ачуум келеттир. Ал эми өзүм өзүмдү өтө катуу сындайм, урушам, өзүмдү сырттан карап көрөм, ошону оңдой алсам сүйүнүп калам. Кээде оңдой албай калсам, сындап эле жүрө берем. Сын айтчулар чекеден чыгат, ар биринин өз жүйөсү бар. Ата-энемдин, устаттын, элдин сынына көбүрөөк ойлоном.

Дегеле жашоо, турмуш, үй-бүлө деген сен үчүн эмне?

— Жашоо, турмуш, үй-бүлө мен үчүн бир бүтүндүк. Бири-бирине айкалышып турган дүйнө. Мен бул дүйнөдө бактылуумун, кудайга шүгүр. Балдарыма татыктуу тарбия берген ата катары мактана алам, аларды сөз менен эмес, өзүмдүн жүрүм-турумум, аракетим менен аталык тартипти катуу кармап келе жатам.

— Эмнеге өкүнөсүң? Эмне таап, эмне жоготтуң?

— Кудайга шүгүр, көп жакшы нерсе таап келатам. Өлкөдөгү абалга, туура эмес багыт тандап жүргөнүбүзгө өкүнөм. Коррупцияга, элдин кошоматчылыгына, арзыбаган акча сатылган күнүмдүк журналисттердин ишине өкүнөм. Себеби, алар коомдун күзгүсү болушу керек! Бош кеткен, пайдалуу иш кылбай өткөргөн   убакыттарыма өкүнөм. Эми алдыга гана жылуу керек деген принцип менен жашайм.

— Сатираларды өзүң жазасыңбы же бирөө жазып береби?

— “Беш  тапан” куудулдар тобунда Рахман Разыков жазып берген сатираларды ойночубуз. Азыр өзүм айтып жүргөн сатираларды өзүм жазам. Ар тараптан чогултам, эл көп жүргөн жерлерде болом, базарга барам, коомдук унаага түшөм,  тойдо жүрөм, айтор, элдин арасынан алып, элге берем. Сатира ушинтип жаралат. Түнкүсүн кызыл дептер менен калемим жанымда, ашканада отуруп сатира жазып таң атырам. Эч кимди киргизбейм, сүйлөтпөйм, тынч  отуруп, оюмду бөлбөйм. Күндүз эмнегедир жаза албайм. Ош базардан көп сатира таптым.

— Соӊку суроо. Концерт коюу чоң каражатты талап кылат да. Ким демөөрчү болууда?

— Өзүмө өзүм демөөрчүмүн.Тойлорго чыгам, топтогон каражатымды концертке жумшайм. Элден алып элге бериш керек, ошондо чыгармачыл адам өсөт.  Анан Кудайга шүгүр, колдоп келген тууган-урук, достор, талантты баалаган  жакын адамдар, күйөрмандар бар.

Куудулдун тамашаларынан уккуңуз келсе, бул ШИЛТЕМЕни басыңыз!

Маектешкен Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.