Чек ара маселеси боюнча Хамрохон Зарифинин билдирүүсүнө Камчыбек Ташиев жооп кайтарды

Чек ара маселеси боюнча Хамрохон Зарифинин билдирүүсүнө Камчыбек Ташиев жооп кайтарды

УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев Тажикстандын мурдагы тышкы иштер министри Хамрохон Зарифинин билдирүүсүнө «Фейсбук» баракчасы аркылуу жооп кайтарды. Толугу менен төмөндө:

— Урматтуу кыргызстандыктар!

Тажикстандык бир аксакал Хамрохон Зарифи мамлекеттик чек ара маселеси боюнча мен тууралуу таарынычын жазыптыр. Мен ага тактоо киргизгим келет. Мен эмне кылдым? Өкмөттүк делегациянын жетекчиси катары мен эки өлкөнүн делегация мүчөлөрүнүн катышуусунда Ворух анклавы боюнча биздин сунуштарыбызды кесиптешим, урматтуу Саймумин Сатторовичтин колуна тапшырдым. Андан башка коңшу өлкөнүн дарегине бир да жаман сөз айтканым жок. Эмне үчүн Хамрохон аксакал терс пикирин билдирип, өзүнүн маданиятынын төмөндүгүн, душмандык мамилесин көрсөтүүдө? Балким алардын сунуштарына макул болбой койгонум үчүндүр? Мага каалаганыңча ылай ташта, бирок Улуу Кыргыз элиме тийбе, сураныч! Кандай гана болбосун, мен Тажикстан элине жана кыргызстандыктарды достук мамиледе болууга чакырам, ар кандай чагылчылдыкка алдырбоону суранам! Кудай буюрса, баары жакшы болот!

Зарифи эмне деди эле?

Камчыбек Ташиев 26-мартта Кыргызстан Тажикстандын Ворух анклавын Баткен же Лейлек районунун башка аймактары менен алмашууга даяр экенин журналисттерге билдирген. 30-мартта Хамрохон Зарифи “Фейсбуктагы” баракчасына “Ворух жери Тажикстандын аймагы” деген аталышта билдирүүсүн жарыялап, анда ал Кыргызстандын Ворухту айрым жерлерге алмашуу сунушун сынга алып, Ворух тарыхый документтер жана саясий, географиялык карталар боюнча анклав болбогонун баса белгилеген эле.

Тажикстандын Исфара районуна караган Ворух анклавы Кыргызстандын Баткен облусунун ичинде жайгашкан. Андыктан эки тараптын тургундары кээде жер, кээде жол, кээде суу талашып, кан төгүүгө чейин жеткен учурлар болуп, чек ара маселеси чечилбей келатканы ачуу чындык…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.