Наманган шаарындагы «Үч фонтан» мемориалдык комплексинде Кыргызстандын желеги көтөрүлдү

Наманган шаарындагы «Үч фонтан» мемориалдык комплексинде Кыргызстандын желеги көтөрүлдү

Кечээ, 31-мартта Өзбекстандын Наманган шаарында эки өлкөнүн ишкерлер чөйрөсүнүн 40тан ашуун өкүлдөрүнүн катышуусунда «Жалал-Абад-Наманган» бизнес-форуму болуп өттү. Бизнес форумдун алкагында, B2B жана B2G жолугушуулары да өткөрүлдү.

Бул тууралуу Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигинин басма сөз кызматы бүгүн, 1-апрелде билдирди. 

Алардын айтымында, Жалал-Абад облусу менен Өзбекстандын Наманган облусунун ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүү, кеңейтүү боюнча, Жол картасын ишке ашыруу максатта эки мамлекеттин өкүлдөрү жолугушкан. Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигинин көмөктөшүүсү менен 30-31-мартта Жалал-Абад облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлү Абсатар Сыргабаев баштаган Жалал-Абад облусунун делегациясынын Өзбекстан Республикасынын Наманган облусуна иш сапары уюштурулду. Абсатар Сыргабаев Өзбекстандын Наманган облусунун хокими Шавкатжон Абдуразаков менен жолугуп, экөө эки облус ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы кызматташтыкты талкуулашты.

Жолугушууга Кыргызстандын Өзбекстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ибрагим Жунусов дагы катышты.

Ал Кыргызстан менен Өзбекстандын чектеш аймактарынын ортосундагы кызматташуунун оң динамикасын баса белгилеп, президент Садыр Жапаровдун Өзбекстанга иш сапарынын жыйынтыгында мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо жаатында жетишилген келишимдер жөнүндө кыскача маалымат берди.

Жолугушуудан кийин, Наманган шаарындагы «Уч фаввора» («Үч фонтан») мемориалдык комплексинде Кыргызстандын желегин көтөрүү аземи уюштурулду.

Кыргызстандын Өзбекстандагы Элчилигинин басма сөз кызматы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.