Кайсы аймакка кар жаап, үшүк жүрөт? Свет өчкөндө кайда кайрылуу керек?

Кайсы аймакка кар жаап, үшүк жүрөт? Свет өчкөндө кайда кайрылуу керек?

3-апрелде Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында үшүк жүрүшү күтүлөт: өрөөндөрүндө -1…-3°, тоо этектеринде      -3…-5° үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүк өрүктүн бүчүрлөрүнө жана гүлдөрүнө, данектүү мөмө бактарынын эрте сортторунун бүчүрлөрүнө коркунуч келтирет. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, 5-апрелге чейин  жаан-чачын болот. Жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-(Төө-Ашуу ашуусу), 198-255-(Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Ала-Бука-Жаңыбазар-Кировка унаа жолунун 72-91-(Чапчыма ашуусу), Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4, Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 74-115, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 286-306-(Долон ашуусу, Кара-Үнкүр капчыгайы), Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 42-44-(Ийри-Суу тилкеси), 67-93-(Кара-Гөө ашуусу), Ош-Сары-Таш унаа жолунун 161-179-(Талдык ашуусу), Сары-Таш-Дароот-Коргон-Кара-Мык унаа жолунун 97-98, 110, 136-150-чакырымдарында жана Каракол-Эңилчек унаа жолунун 64-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Жарык өчкөндө кайда кайрылуу керек?

Аба ырайынан улам Бишкекте авариялык өчүрүүлөр болуп жатканын «Түндүк электр» ишканасы билдирди. Алардын айтымында, элге жарык берүү Бишкек жана Чүй, Талас облустарында да үзгүлтүккө учурап жатат. Электр жабдыктарын калыбына келтирүү үчүн «Түндүк электр» ишканасынын 105 бригадасы иштеп жатат, алардын 19у Бишкекте.

Жарык маселеси боюнча (0772) 00-12-09, (0702) 00-12-09, (0556) 00-12-09 номуруна чалсаңыз болот.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.