Садыр ЖАПАРОВ: «Спорт кызматкерлери өлкөбүздүн өнүгүүсү үчүн чоң салым кошуп келүүдө»

Садыр ЖАПАРОВ: «Спорт кызматкерлери өлкөбүздүн өнүгүүсү үчүн чоң салым кошуп келүүдө»

Бүгүн, 6-апрель — Дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин кесиптик майрамы. Президент Садыр Жапаров кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады.

 Мамлекет башчысынын куттуктоосу төмөндө:
Урматтуу Кыргызстандын дене тарбия жана спорт кызматкерлери!
Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм!
Дене тарбия жана спорт коомдун жашоосунда зор мааниге ээ. Биздин спортчуларыбыз ири эл аралык мелдештерде, дүйнөлүк чемпионаттарда жеңишке жетишип, элибиздин сыймыгы болуп, жаштарды патриоттуулукка тарбиялоодо өрнөк көрсөтүп, элибизди сыймыкка бөлөөдө. Кыргызстандык спортчулар көптөгөн мелдештерде, анын ичинде Олимпиада оюндарында, Азия оюндарында, Паралимпиада оюндарында өлкөбүздү татыктуу көрсөтүп келүүдө.
Токиодо өтө турган ХХХII Жайкы олимпиада оюндарына биздин 5 спортчубуз лицензия алды. Алар Олимпиада оюндарында жеңишке ээ болуп, пьедесталга көтөрүлө алат деп терең ишенем.
Түркияда боло турган IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстандын спортчулары өлкөбүздүн туусун бийик көтөрөт деп зор ишеним артабыз. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары ар дайым өлкөбүздүн атын чыгарып, элибиздин сыймыгы болуп кала берет.
Дене тарбия жана спорт кызматкерлери өлкөбүздүн өнүгүүсү үчүн чоң салым кошуп келүүдө. Дүйнөдөгү жана өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга карабастан, алар сергек жашоо образын пропагандалоо боюнча иштерди жигердүү жүргүзүп, дене тарбия жана спорт менен машыгуу үчүн альтернативдүү мүмкүнчүлүктөрдү түзүп жатышат.
Урматтуу дене тарбия жана спорт кызматкерлери!
Учурдагы татаал жагдайга жана жетишсиз инфратүзүмгө карабастан, дене тарбияны жана спортту өнүктүрүүгө салым кошуп жатканыңыздар үчүн сиздерге терең ыраазычылык билдирем.
Албетте, биз спортчуларыбызга эл аралык спорттук аренада жеңишке жетишүүсү үчүн зарыл шарттарды түзөбүз. Дене тарбиянын жана спорттун мамлекетти өнүктүрүүдөгү маанилүүлүгүн жакшы түшүнөм, ошол себептен менин биринчи Жарлыгым инсандын руханий, адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө болду. Сергек жашоо мүнөзүн жана дене тарбияны пропагандалоо иштерин жүргүзүп жаткан коомдук институттарга мамлекеттик колдоо көрсөтүлөт. Спорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү, дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин эмгек шарттарын жакшыртуу, массалык жана кесиптик спортту өнүктүрүү мамлекеттик саясаттын маанилүү багыттарынын бири болуп калат.
Дагы бир жолу сиздерди майрамыңыздар менен куттуктайм. Сиздерге ден соолук, бакубат жашоо жана жаңы ийгиликтерди каалайм!.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.