Шаардык сот Тилекмат Кудайберген уулун 15-апрелге чейин абакта калтырды

Шаардык сот Тилекмат Кудайберген уулун 15-апрелге чейин абакта калтырды

Нарындагы «Жетим-Тоо» темир кенин коргоо кыймылынын жетекчиси Тилекмат Кудайберген уулу (Куренов) 15-апрелге чейин камакта калды. Бул тууралуу активист жаран Эрлан Бекчоро уулу журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаардык соту бүгүн 6-апрелде Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан Тилекмат Кудайберген уулунун бөгөт чарасын карап, райондук соттун 15-апрелге чейин абакта калтыруу чечимин күчүндө калтырды.

Эске сала кетсек, Бишкекте Конституциянын жаңы долбооруна каршы тынчтык митинги 9-мартта болуп, аны Тилекмат Кудайберген уулу алып барган. Көп өтпөй анын үйү жана ал мүчө болгон «Ханституцияга каршы» борборунун кеңсесинде тинтүү жүргүзүлүп, Тилекматка Жазык кодексинин 310-беренеси («Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар») жана 264-беренеси («Массалык баш аламандыктар») боюнча айып коюлган. Укук коргоо органдары анын «Фейсбуктагы» баракчасындагы билдирүүсүн «бийликти кулатууга чакырыктар бар» деп таап, 15-мартта камакка алышкан. 16-мартта анын бөгөт чарасы Свердлов райондук сотунда, жабык эшик артында каралып, бир айга камакта калган. Тилекмат ошол күнү ачкачылык баштай турганын билдирген, кийин ал ачкачылык акциясын токтоткону белгилүү болгон.

Тилекмат Кудайберген уулун дайыма колдоп, сотко барып жаткан «Ханституцияга каршы» борборунун төрагасы Жеңиш Молдокматовдун пикирин бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаңыз болот.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.