ВИДЕО — «Ташиевский команда. Власть» деген талапкер ким? Ташиевге кайрылуу…

ВИДЕО — «Ташиевский команда. Власть» деген талапкер ким? Ташиевге кайрылуу…

Ош шаарынын айрым тургундары аларды «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын талапкери Болотбек Баетов коркутуп жатканын айтып чыгышты. Алардын УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиевге жасаган ВИДЕОкайрылуусу социалдык тармактарга тарап, кызуу талкууда.

ВИДЕО төмөндө:

Буга чейин «Ташиевдин бийликчил командасы менен шайлоого бара жатам» деген адамдын айткандары жашыруун жаздырылып алынган аудио тараган болчу.

Эске сала кетсек, 11-апрелде — жер-жердеги жергиликтүү кеңештерге шайлоолор болот. Бул күнү Кыргызстанда 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттары тандалып, шайланат. Дал ушул күнү Конституциянын жаңы долбоорун кабыл алуу тууралуу референдум да өтөт.  Андыктан ӨЛКӨ багытын оӊго же солго бурган тарыхый күн… тарыхый чечим…

Конституциялык кеңешме Баш мыйзамдын долбоорун даярдап, документ парламентке 2-февралда жиберилип, ЖК депутаттары 17-февралдан баштап карай баштаган. Ал эми Жогорку Кеңеш сайты президент кол койгондон кийин (9-февралда) жарыялаган.

Президент Садыр Жапаров 8-февралда кол койгон жарлыкка ылайык, Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо 11-апрелге дайындалып, Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдумду да ушул күнү өткөрүү сунушталган эле…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.