7-апрель окуясына 11 жыл. Президенттин кайрылуусу. Атамбаевдин көз жашы…

7-апрель окуясына 11 жыл. Президенттин кайрылуусу. Атамбаевдин көз жашы…

Өмүрбек Текебаев камакта калып, Сапар Исаков 7-апрель эскерүүсүнө катышат деп ким ойлоптур?

Бүгүн — 7-апрель. Элдик революцияга 11 жыл болду, Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусу менен Апрель окуясында курман болгондорду эскерүүгө арналган иш-чара өтөт. Ага ЖК спикери Талант Мамытов, премьер-министр Улукбек Марипов, Жогорку сот төрайымынын милдетин аткаруучу Нургүл Бакирова, экс-президенттер Роза Отунбаева, Сооронбай Жээнбеков катышат. Мамлекет башчы «Ата-Бейит» мемориалдык комплексиндеги апрель окуясында курман болгондорго арналган мемориалдык дубалга жана Ала-Тоо аянтындагы Аксы жана Апрель окуяларында курман болгондорду эскерүү монументине гүл коёт.

Садыр ЖАПАРОВ: «Апрель окуялары орду толгус жоготуу…»

Президент Садыр Жапаров элдик революция күнүнө карата кыргызстандыктарга кайрылуу жасады:

Урматтуу мекендештер!

Бүгүн Апрель элдик революциясына 11 жылдын жүзү болуп олтурат. 2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстан калкы өзүн тарыхый процесстин жигердүү катышуучусу жана бийликтин чыныгы ээси экендигин бүт дүйнөгө даңазалай алды. Эгемендүү Кыргызстандын тарыхында Апрель окуялары орду толгус жоготуулардын, кырчындай өмүрлөрдүн кыйылышы менен коштолгон окуялар катарында калды.

Ɵткɵн бийликтердин кулашынын себеби — коом менен бийликтин ортосундагы узак убакыт бою чечилбей келаткан карама-каршылык. Адилеттикке, калыстыкка умтулуу — элибизди толкуткан, революцияга алып келген негизги күч. Март революциясы максатына жетпей калгандыктан, Апрель революциясы болду.

Кымбаттуу кыргызстандыктар!

2010-жылы 7-апрелде кыргыздын уул-кыздары Ак үйдүн алдына ɵз саясий укуктарын коргоо үчүн барган эле. Бирок бийликтин карапайым элден алыстап калгандыгы билинди. Апрель окуяларында элибиздин тайманбас уулдарынан айрылдык. Арадан канча мезгил ɵтсɵ да, шейит кеткен Апрель баатырларынын кайгысы эч качан унутулбайт. Баатыр уулдарыбыздын жаркын элеси түбɵлүккɵ жашай берет.

Апрель революциясынын эң башкы натыйжасы мамлекеттин өнүгүшүндөгү демократиялык жолдун тандалып алынышы болду. Бул элдик революциянын дагы бир сабагы: мамлекеттик бийликти күч колдонуп, кан төгүү жолу менен эмес, тескерисинче, тынчтык жолу менен мыйзам чегинде, таза шайлоо аркылуу чыңдоо керектигин көрсөткөнүндө.

Апрель элдик революциясынын курмандыктарынын жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун. Мамлекетибизде тынчтык жана бакубатчылык өкүм сүрсүн!.

Бакиевди калкалаган Лукашенко…

11 жыл мурда Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы чыккан элге андагы бийлик ок чыгарган. 80ден ашуун адам каза болуп, жүздөн ашууну жарадар болгон. Аягында Бакиев үй-бүлөсү, жакындары менен чет мамлекетке качып, Беларустан башпаанек алган.

2010-жылдагы кандуу Апрель окуясы боюнча, жалпысынан 30га жакын кишиге кылмыш иши козголуп, Курманбек Бакиев баш болгон 28 адамга айып тагылган. Сот Курманбек Бакиевди жана улуу баласы Марат Бакиевди 30 жылга, бир тууган иниси, Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы башчысы Жаныш Бакиевди өмүрүнүн акырына чейин, ошол кездеги өкмөт башчы Данияр Үсөновду 15 жылга кесүү боюнча сыртынан өкүм чыгарган.

Курманбек Бакиев үй-бүлөсү менен Беларуста, ал мамлекеттин президенти Александр Лукашенконун калкалоосунда жашап келатканын көрүп эле келатабыз. Бакиев баштаган бир топ адамды экстрадициялоо боюнча Кыргызстандын өтүнүчүн Минск четке каккан, ошол бойдон күнөөлүүлөрдү Кыргызстанга экстрадиция кылуу аракети жыйынтыгы жок, ачык бойдон калып келаткан… Кыязы, ачык бойдон калчудай…

Негизи бул күн майрамбы?

Бул күндү абактагы Алмазбек Атамбаев президент болуп турганда “мамлекеттик майрам жана дем алыш күнү” деп жарыялаган.

2011-жылы Текебаев, Отунбаева, Атамбаев «Форумдун» алдындагы эскерүү иш-чарасына катышып, курман болгондордун сүрөтүн көрүп өзгөчө Атамбаев көзүнө жаш алып, «Ушул бизге сабак болушу керек. Жаркын жашоо үчүн курман болушту балдарыбыз» деди эле. Аягында үчөө эл алдында ант беришкен болчу…

Негизи бул күн майрам эмес, ЭСКЕРҮҮ КҮНҮ, эмне үчүн бул окуя болду эле, БУЛ ОКУЯГА АЛЫП КЕЛГЕН СЕБЕПТЕР ЭМНЕ БОЛДУ ЭЛЕ деген эскертүү күнү…

Сабак болдубу, алигүнчө күмөн…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.