Мурдагы депутат Токтогул Туманов каза болду

Мурдагы депутат Токтогул Туманов каза болду

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Токтогул Туманов кечээ, 6-апрелде, пневмониядан каза болду. Бул тууралуу Республикалык клиникалык инфекциялык илдеттер ооруканасынын жетекчиси Гүлжигит Алиев журналисттерге билдирди. Анын айтымында, Туманов 1-апрелде  оор абалда ооруканага түшкөн. Ал ага чейин коронавируска кабылып, он күндөй үйүндө дарыланып, бирок абалы жакшырбай оорлоп кеткен.

«Бейтап коноровирустук пневмониянын оор түрү менен ооруканага түшкөн. Ал 1-апрелде жандандыруу бөлүмүндө жаткырылып, кечээ саат 22.00 чамасында көз жумду», — деди Аалиев.

Токтогул Туманов Жалал-Абал облусунун Токтогул районунда туулган. Ал өткөн айда, тагырагы, 23-мартта 55 жашка толгон экен. Эки жогорку билими болгон, бири айыл чарба боюнча, экинчиси юридикалык. Саясатка 2004-жылы аралашып, алгач Жалал-Абад шаардык кеңешке, кийин 2010-жылы Социал-демократтар партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты болуп келген. ЖК депутаты кезинде Сот-укуктук маселелер жана мыйзамдуулук комитетин жетектеген. Кийин Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна караштуу «Мүлк» мамлекеттик ишканасын жетектеп иштеген.

«Алакан» сайтынын эмгек жамааты маркумдун үй-бүлөсүнө тереӊ кайгыруу менен көӊүл айтат. Кайрат кылыӊыздар… 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.