Бишкек ШИИБ башчысы Бакыт Матмусаев Айзаданын туугандарынан жана коомчулуктан кечирим сурады

Бишкек ШИИБ башчысы Бакыт Матмусаев Айзаданын туугандарынан жана коомчулуктан кечирим сурады

Бүгүн, 8-апрелде, Бишкек шаардык милициясынын жетекчилери уурдалып, өлтүрүлгөн Айзада Канатбековага болгон кылмыштын чоо-жайы тууралуу журналисттерге жыйын өткөрүштү. Бишкек ШИИБ башчысы Бакыт Матмусаев милиция кызматкерлери уурдалган кызды убагында таба албагандыгы үчүн маркумдун туугандарынан жана коомчулуктан кечирим сурады.

«Баарыбызда кыз бар. Менин да кабыргам кайышып турат. Айзаданы убагында таап, өлүмдүн алдын албаганыбыз үчүн кечирим сурайм«, — деди ал. «Бул кандуу окуяга байланыштуу кызматтан кетесизби?» деген суроого: «Азыр менин милдетим — кылмыштын бетин ачуу«,- деп жооп берди.

Алардын соӊку маалыматы боюнча, Бишкектин криминалдык милициясынын кызматкерлери тарабынан борбор калаада Айзаданы күчтөп унаага салып кеткен шектүүлөрдүн бири 1992-жылы туулган Р.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилип, кызды уурдоого катышкан дагы эки адам тууралуу маалыматтар такталып, алардын жүргөн жерин аныктоо, кармоо иштери жүрүп жатыптыр.

Кыз уурдаган адам мурда соттолгонбу?

«Шектүү Замирбек Теңизбаев Орусиядан 2017-жылы келген. Инисинин сөзүнө караганда, ал Орусияда кылмыш кылып соттолуп алты жарым жыл отуруп чыккан. Үй-бүлөлүү, эки баласы бар. Кыргызстанга келгенде такси айдап, батир жалдап жашап жүргөн. Бирок акыркы айларда да такси айдап, машиненин ичинде жашап-түнөп келген. Бул — туугандарынын айткандары. Маалымат текшерилип жатат«, — деди Бишкек шаардык криминалдык милициясынын башчысы Уланбек Айтпаев.

Саат 12де митинг…

Учурда жарандык активисттер ала качуунун курмандыгы болгон Айзаданын өлүмүнөн кийин ички иштер министринин иштен кетишин талап кылышууда. «Кызды уурдагандар да, аны салып кеткен машине да видеого түшүп калган, анан аларды 2 күн бою таба алышпаса, ыкчам чара көрүлбөсө, камераларды орнотуп эмне кылышат? «Коопсуз шаар» айдоочулардан айыппул чогултуш үчүн эле иштеп жатабы?» деп суроо салгандар 8-апрелде, саат 12:00дө ИИМ имаратынын алдына тынчтык митингине чыгышмакчы…

Окуя качан башталган?

«24.kg» маалыматы боюнча, Айзада акыркы жолу агасына байланышка 5-апрелде, кечки саат 18:00дө чыккан. Ал анда бардыгы жакшы экенин айткандан кийин анын телефонун кимдир бирөөлөр тартып алып койгондугу угулган. Айзаданы алып кеткен унаа кийин Сосновка тараптагы видеокөзөмөлгө да түшүп, ошол бойдон жок болгон. Кыздын жакындарынын айтымында, кызды уурдагандардын бири Айзаданын тынчын көптөн бери алып жүргөн. Кыздын туугандары азыр, кызы жоголгондон кийин апасы милицияга арыз жазса да, Айзаданы издөө үчүн тыӊгылыктуу чаралар көрүлгөн жок деп милицияга нааразы…
Айзаданы ала качкандагы ВИДЕО

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.