7 жаштагы кызды зордуктаган 26 жаштагы зөөкүр кармалып, камалды. 20 жылга кесилиши ыктымал…

7 жаштагы кызды зордуктаган 26 жаштагы зөөкүр кармалып, камалды. 20 жылга кесилиши ыктымал…

Ошто 7 жаштагы кызды зордуктоого шектелип Кара-Суу районунун Кыргыз-Чек айылынын 26 жаштагы тургуну кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБнин басма сөз кызматы билдирип чыкты.

Маалыматка караганда, кайгылуу окуя кечээ, 9-апрелде, кечки саат 20:00 чамасында Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айыл аймагына караштуу Кайрагач айылында болгон. 7 жаштагы секелек кыз үйүнө кетип бараткан жолдо белгисиз адам тарабынан зордукталып, Ош облустук төрөт үйүнө оор абалда жеткирилген. Бул кылмышка шектүү туугандарынын үйүндө жашынып жаткан жеринен кармалган. Ал өз көрсөтмөсүндө оор кылмыш ишти жасагандыгын толугу менен мойнуна алып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Алдын ала маалыматка караганда, жабырлануучу 7 жаштагы кыз айылдагы мектепте 1-класста окуп жаткан. Үй-бүлөдө жалгыз кыз, 2 байкеси бар. Ата-энеси Орусияда иштеп, балдарды таене-таятасы багып жүргөн. Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин Үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн
кызматкерлери балдар үчүн бардык шарттар бар экенин, тайне-таятасы талаптарга ылайык жакшы карап багып жатышканын барып көрүшкөн.

Окуя болгон күнү кыз мектептен келип, ойногону курбусунукуна барган. Экөө көпкө ойноп, кеч кирип кеткендиктен курбусунун апасы кызды издеп калышат деп үйүнө жиберген. Тилекке каршы, кыздын жолунан зөөкүр чыгып, эки айылдын ортосундагы ээн талаага алып барып зордуктаган. Небереси кечиккендиктен таене-таятасы издеп чыгышкан. Айыл тургундары да кошо издешип, кызды талаада ыйлап отурган абалда табышкан. Шектүү болсо качып кеткен. Азыр кызды ал жерге кантип  алып барганы териштирилип жатат дешти.

Учурда кыздын апасы Орусиядан келип, кыз апасы менен Ош облустук балдар ооруканасында дарыланууда. Аз да болсо өзүнө келип, сүйлөп калды дешти. Апасы кызы жакшы болсо, тергөө-сот иштери бүтсө, балдарын Москвага алып кете тургандыгын айткан.

Мыйзам боюнча, жашы жете электерди зордуктоого айыпталгандар 15 жылдан 20 жылга чейин кесилет. Балапан балдардын тагдырын талкалагандарга бул аз эмеспи дейсиӊ?! Гумандуулук кылбай эле, бычтырабыз, антебиз-минтебиз дебей, ӨЛҮМ ЖАЗАСЫ (!) киргизилсе, туура чечим болмок…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.