Элчи Ибрагим Жунусов добуш берди. Шайлоочулар кандай катышууда?

Элчи Ибрагим Жунусов добуш берди. Шайлоочулар кандай катышууда?

Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Ибрагим Жунусов да добуш берди. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, КРнын Өзбекстан Республикасындагы Элчилигинде “Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын референдумунда (жалпы элдик добуш берүү) добуш берүү улантылууда. Саат 12:00гө карата Кыргызстандын 82 жараны добуш берген.

Белгилей кетсек, бүгүн, 11-апрелде жергиликтүү кеӊештерге шайлоо жана Баш мыйзам боюнча референдум өтүүдө. БШК маалыматы боюнча,  саат 16:00гө карата 800 миңден ашык адам добуш берүүгө катышкан. Жергиликтүү кеңешке 856 404, референдумга 888 331 киши келген. Шайлоо участоктор кечки саат 20.00гө чейин иштейт.

Президент Садыр Жапаров жубайы менен Чоӊ-Арыктагы №1053 шайлоо участкасында добуш берип,  жергиликтүү кеӊештерге шайлоого жана Баш мыйзам боюнча референдумга активдүү катышууга чакырып кетти.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.