Видео — МЫРЗАКМАТОВ: «Шайлоодогу мыйзам бузуулар былтыркы “бандиттик шайлоону” эске салды»

Видео — МЫРЗАКМАТОВ: «Шайлоодогу мыйзам бузуулар былтыркы “бандиттик шайлоону” эске салды»

«Улуттар биримдиги» саясий партиясынын лидери, Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов Ош шаарындагы жергиликтүү кеңешине шайлоо одоно мыйзам бузуу менен өтүп жатканын баса белгилеп, президент Садыр Жапаровго «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу кайрылды.

Анын айтымында, Ош шаардык кеңешиндеги шайлоодо мыйзам бузуулар болууда. Ал шайлоого байкоо жүргүзүп, жергиликтүү бийлик мыйзам бузууга шарт түзүп берип бир партиянын кызыкчылыгына иштеп жатат дейт. Бирок, кайсы партиянын — атын атаган эмес. Добуш сатып алуу, административдик ресурс колдонулуп жатканы жөнүндө маалыматтар социалдык тармактарда, ММКларда жайнап чыгып жатканын, бул көрүнүш соӊку бийлик алмашууга себепкер болгон 2020-жылдын 4-октябрындагы “бандиттик шайлоону” эске салып жатканын айтып, президентти мыйзам бузууларга каршы чара көрүүгө чакырды.

Белгилей кетсек, бүгүн, 11-апрелде, жергиликтүү кеӊештерге шайлоо жана жаӊы Баш мыйзам боюнча референдум өтүүдө. БШК маалыматы боюнча, саат 18:00гө карата 1 миллиондон ашык адам добуш берүүгө катышты. Жергиликтүү кеңештерге шайлоого 1 024 891, референдумга 1 061 591 адам келди.

Эске сала кетсек, бир мезгилде Кыргызстандан чыгып кеткен Мелис Мырзакматов Кыргызстанга алты жылдан кийин, тагырагы, былтыр кайтып келген. 7-октябрда түнкү саат 01:25те  Түркиядан Ошко учуп келип, эл менен жолугушуп, андан кийин журналисттерге интервью берип, эч кандай кызматка кызыкпастыгын билдирген эле.

Мелис Мырзакматов кызматта турган учурда — 2010-жылдагы жергиликтүү кеӊештерге шайлоодо анын партиясы 21 мандатка ээ болгон. Кийин партиясы өз алдынча бир да шайлоого катышкан эмес, буга Мелис Мырзакматовдун чет өлкөгө чыгып кеткени себеп болгон. Ага 2014-жылы кылмыш иши козголуп, сыртынан жети жылга соттолгон. Ал кылмыш ишин саясий куугунтук катары баалап келаткан эле.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.