18 жаштагы кызды ала качкандар кармалды. Айзада менен Бурулайдын кайгылуу окуясы сабак болбоптур…

18 жаштагы кызды ала качкандар кармалды. Айзада менен Бурулайдын кайгылуу окуясы сабак болбоптур…

18 жаштагы кызды ала качкан үч жигит кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, Кара-Дөбө айылынын тургуну кызын бейтааныш адамдар ала качканын айтып, 11-апрелде милицияга арыз менен кайрылган. Кыз ала качууга шектүү катары 1999-жылы туулган С.А., С.М. жана 1998-жылы туулган Ш.Б аттуу балдар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилип, 2003-жылы туулган кыз ата-энесинин үйүнө жеткирилген. Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 175-беренеси (“Адамды никеге туруу максатында уурдоо”) боюнча катталып, сотко чейинки тергөө иштери башталган.

Айзада менен Бурулайдын окуясы сабак болбоптур… 

Бул маалыматтан улам, ала качуудан жаралган жакындагы эле кайгылуу окуя бул ишке шымаланган жаштарга сабак болбоптур, дегеле болбочудай деген өкүнүчтүү ойго келесиӊ. Эске салсак, 27 жаштагы Айзада Канатбекова 5-апрелде Бишкектеги Медеров-Тыныстанов көчөсүнөн өтүп бараткан жерден күч менен унаага салынып кеткен боюнча изделип, тилекке каршы, эки күндөн кийин жансыз денеси талаадан табылган. Аны 36 жаштагы Замирбек Теңизбаев алгач футболка менен муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнө бычак сайып жанын кыйган. Бул окуяга катышкан адамдар кармалып, камалган.

Мындай оор кайгылуу окуя 2018-жылы да болуп, анда 20 жаштагы студент Бурулай Турдаалы кызы ала качуунун курмандыгы болгон. Аны Жайыл райондук милиция бөлүмүндө ала качкан бала бычактап өлтүрүп, андан кийин өз жанын кыюуга аракет жасаган.

Ушул окуядан кийин милиция кызматкерлерине карата Кылмыш-жаза кодексинин 316-беренеси «Шалаакылык» боюнча кылмыш иши козголуп, кызматтык териштирүүнүн жыйынтыгында 23 кызматкер жоопко тартылып, анын бешөөсү кызматтан кетип, 8 кызматкер иштен алынып, 7 кызматкер кызмат ордуна туура келбейт деп аныкталып, калганына дисциплинардык жаза чегерилген эле…

Эмичи, милиция кызматынан кимдер бошоп, кимдер калып, кимдер кетти…

Айзаданын өлүмү боюнча да кызматтык иликтөө жыйынтыгы менен 44 милиция кызматкери тийиштүү жазасын алышты. Бир тобу кызматтан алынып, бир канчасы иштен айдалып, айрымдарына “кызматка толук эмес ылайыктыгы жөнүндө эскертүү” жана “катуу сөгүш” тартиптик жазалары жарыяланган. Кызматынан кол жуугандар, ИИМдин басма сөз катчысы Бакыт Сеитовдун айтымында, өздөрүнө жүктөлгөн кызматтык милдеттерди так аткарбагандыгы үчүн кызматтан алынышкан. Тагырагы, ички иштер министри Улан Ниязбековдун буйругу менен Бишкек ШИИББ башчысы Бакыт Матмусаев, анын коомдук коопсуздук боюнча орун басары Эрлан Атантаев, Бишкек ШИИБнин Тергөө кызматынын башчысы Нурлан Утемисов, Биринчи май РИИБнүн башчысы Акылбек Казакеев, орун басарлары Искен Базаркулов, Кубан Суранчиев, Айбек Озубеков, тергөөчүлөр жана нөөмөтчү кызматкерлер кызматтарынан бошотулду.

Айтмакчы, кеткендердин ордуна жаӊылар келди…

Бишкек ШИИБ жана Биринчи Май РИИБге жаӊы жетекчилик  дайындалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматында айтылат. Кимдер десеӊиздер, тизме төмөндө:

Маалыматка ылайык, Бишкек ШИИББнин жетекчилик милдетин убактылуу полковник Азамат Ногойбаев, анын орун басарынын милдетин Тилек Тюкебаев аткарат.

Маалымат үчүн: 

Милициянын полковниги Азамат Ногойбаев буга чейин ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын Үчүнчү башкармалыгынын (Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча башкармалыгы) Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы менен өз ара аракеттешүү бөлүмүнүн жетекчиси болуп иштеп жаткан.

Милициянын полковниги Тилек Тюкебаев буга чейин Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз РИИБнин жетечиси болуп иштеп жаткан.

  • Буга чейин Бишкек ШИИББнин Тергөө кызматынын жетекчисинин орун басары болуп иштеп жаткан милициянын полковниги Кымбат Курманалиева ушул кызматка жетекчи болуп дайындалды.
  • Милициянын полковниги Мирлан Ниязалиев Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБнин жетекчиси кызматына дайындалды. Ал буга чейин ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын жетекчисинин орун басары кызматында иштеп жаткан.
  • Милициянын подполковниги Улан Орозалиев Бишкек ШИИББнин Криминалдык милиция кызматынын жетекчисинин орун басары кызматынан бошотулуп, Биринчи Май РИИБнин жетекчисинин ыкчам иштер боюнча орун басары болуп дайындалды.
  • Милициянын подполковниги Руслан Бердибаев Октябрь РИИБнин жетекчисинин сотко чейинки өндүрүш боюнча орун басары кызматынан бошотулуп, Биринчи Май РИИБнин жетекчисинин сотко чейинки өндүрүш боюнча орун басары болуп дайындалды.
  • Милициянын полковниги Жумадил Шералиев Бишкек ШИИББнин коомдук коопсуздук кызматынын начальнигинин орун басары кызматынан бошотулуп, Биринчи Май РИИБнин начальнигинин орун басары, коомдук коопсуздук кызматынын жетекчиси болуп дайындалды.
  • Милициянын майору Бегимай Турапова ИИМдин Тергөө кызматынын өзгөчө маанилүү иштерди тергөө боюнча башкармалыгынын жетекчисинин орун басары кызматынан бошотулуп, Бишкек шаарынын Октябрь РИИБнин жетекчисинин сотко чейинки өндүрүш боюнча орун басары болуп дайындалды.

Жаӊы дайындоолор менен кандай жакшыруулар болуп кетет, убакыт көрсөтөр… Анткен менен, бул жооптуу тармактагы буга чейинки реформалар башка тармактардай эле «бир кызматты кыскартуу», «бир кызматты жоюу», «бир кызматка бир кызматка кошуу», «мурда башкаларга берилип кеткен функцияларды кайра алуу»  ж.б. у.с. майнапсыз «реформалар» менен эле чектелип келаткандай эле көрүнөт…

Балким, андай эмес…

 

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.