Кубанычбек Жумалиев бюджетке 1 млрд сом төктү. Ал тил кат менен камактан бошотулабы?

Кубанычбек Жумалиев бюджетке 1 млрд сом төктү. Ал тил кат менен камактан бошотулабы?

Жогорку Кеңеш депутаты Кубанычбек Жумалиев бюджетке 1 млрд сомдон ашык акча төктү. Бул тууралуу бүгүн, 12-апрелде, УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматына караганда, депутат өз ыктыяры менен мамлекетке 1 млрд сомдон ашык акча төгүп, коммерциялык активдерин, кыймылсыз мүлкүн өткөрүп берген. Мындан тышкары, УКМК Кубанычбек Жумалиевдин жаш курагын, ден соолугун эске алуу менен сыртка чыкпоо жөнүндөгү тил каттын негизинде баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчү менен Биринчи май райондук сотуна кайрылган.

Буга чейин УКМК 4-февралда Биринчи май райондук сотунда ЖК депутаты Кубанычбек Жумалиевдин бөгөт чарасы каралып, «Коррупция» беренеси менен айыпталып, 4-апрелге чейин камакка алынганын билдирген.

Эске сала кетсек, былтыр, 4-ноябрда, андагы Финансы полициясы «Таатан», «Гоин» соода борборлорун жана Жумалиевге таандык делген менчик жогорку окуу жайын тинтүүгө алган. Бирок, Жумалиев «эч бир кыӊыр ишке катыштыгым жок» деп бул дооматтарды четке кагып келген…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.