Министр Кайрат Иманалиев Гейдар Алиевдин эстелигине гүл коюп, музейи менен таанышып чыкты

Министр Кайрат Иманалиев Гейдар Алиевдин эстелигине гүл коюп, музейи менен таанышып чыкты
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев Түрк кеңешинин баш катчысы Багдат Амреев менен жолукту. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, эки тараптуу жолугушууда IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын уюштуруу иштериндеги маселелер кеңири талкууланган. Дүйнөлүк маанидеги мындай иш-чаранын жалпы Түрк дүйнөсү үчүн маанилүүлүгү белгиленип, мындан аркы келечегине бардык тараптар кызыкдар экендиги айтылган.
Маалымат жаатындагы демилгелер тууралуу да сөз болуп, Түрк дүйнөсүнүн орток телеканалын ачуу маселеси каралып, ал маданий, саясий жана социалдык-экономикалык маанидеги алмашкыс аянтча болуп берээри ырасталып, ар тараптуу колдоого алынган.
Жолугушуу соңунда, баш катчы мындан аркы тыгыз кызматташууда натыйжалуу ийгиликтерди каалап, аталган иш-чарага катышып бергендиги үчүн министр башында турган жалпы Кыргыз делегациясына ыраазычылык билдирген.
Отурумдан кийин катышуучулар Азербайжан Республикасынын улуттук лидери Гейдар Алиевдин бейитине барып, эстелигине гүл коюшту. Андан соң министр Кайрат Иманалиев Гейдар Алиевдин музейи менен таанышып чыкты.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.