ВИДЕО — Түгөлбай Сыдыкбеков менен 25 саат маек курган Тенти Орокчиев дүйнө салды

ВИДЕО — Түгөлбай Сыдыкбеков менен 25 саат маек курган Тенти Орокчиев дүйнө салды

Жазуучулар жана Журналисттер союзунун мүчөсү, акын, котормочу жана радиожурналист, КРдин маданиятына эмгек сиңирген ишмер Тенти Орокчиев 83 жашында дүйнө салды.

Залкарлар менен 300гө чукул маек курган агабыздын баскан жолу…

Тенти Орокчу уулу Ысык-Көл облусундагы Тоң районуна караштуу Көк-Сай айылында 1938-жылы 8-сентябрда туулган. 1963-жылы Караколдогу педагогикалык институтту аяктап, эмгек жолун Кочкор районундагы мектептерде мугалимдиктен баштаган. Кийин «Мугалимдер» гезитинде, Кыргыз Энциклопедиясында илимий редактор болуп иштеген..
«Мекенимди даңктаймын» деген аталышта алгачкы ырлар жыйнагы 1978-жылы жарык көргөн. 1991-жылы кыргыздын акын, жазуучулары менен болгон радиомаектери том болуп чыккан. Кыргыз радиосунун «Казына» чыгармачылык өндүрүштүк бирикмесиндеги эмгек жолунда очерктер, радиоочерктер, радиокомпозициялар, радиоэсселери, 1-1,5 саатка созулган радиомаектери — 3500гө жакын уктуруулар даярдалган. Алардын 300 саатка жакыны УТРК, Мамлекеттик архивдин алтын фондунда сакталуу. Көп жылдык чыгармачылык эмгеги эске алынып, 1997-жылы «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер», 1998-жылы «УТРКнын отличниги» наамы ыйгарылган.
Кыргыз Республикасынын Эл баатыры, жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков менен болгон 25 сааттан ашык маеги үчүн «Эл аралык Түгөлбай-ата» коомунун сыйлыгын алган.

Казак жазуучусу А.Шымбатыровдун «Ак-Сай жайлоосунда» повесть жана аңгемелер жыйнагын казак тилинен кыргыз тилине которгон.

Тенти ОРОКЧИЕВ: «Кусейин Карасаев менен 12 саат мектешкем»

Акын агабыз залкарлар менен 300гө чукул маек курганын, үч томдугун чыгарууга жетишкенин жана маек курганда кызык окуялар болгонун «Спутник Кыргызстан» радиосуна маек куруп берген эле. Анда журналист агабыз: «Учурунда көптөгөн залкар инсандар менен радиомаек уюштургам. Азыр КТРКнын «Алтын казынасында» 300гө чукулу сакталып турат. Алардын узактыгы 20 мүнөттөн бир жарым саатка чейин. 2011-жылдан бери кагазга түшүрүп, китеп кылып үч томдугун чыгардым. Түгөлбай Сыдыкбеков менен 25 саатка чукул маек уюштургам. Алардын биринде жазуучу байбичесин чакырып, радиодон чогуу угушуптур. Уктуруу аяктаган соң жубайы «кечке эле бир сөздү кайталай берет экенсиң» деп абышкасын сындаган экен. Муну кийин Түгөлбай Сыдыкбеков «аялым мактайт го деп күтүп жатсам, ушинтип сындап салды» деп айтып берген. Анан Кусейин Карасаев менен дагы 12 саат мектешкем. Анын үйүнө барып чай ичишип турат элек. Караколго көчүп кеткенден кийин дагы конокко чакырып турчу. Бир окуяны айтып берди эле. Эки жакын адамы көлгө эс алып кел деп чакырып, колунун бош эмес экенине карабастан алып кетишиптир. Анан азыркы Кырчын жайлоосунун тушуна келгенде жол тосулуу экен. Тигил экөө унаадан түшүп 20 мүнөттөй сүйлөшүшөт. Киргизүүгө макул кыла албай коюшуптур. Аңгыча бир аял чуркап келип «радиодон маек берген Карасаев деген сизби?» деп сурап, киргизиптир. Ошондо Кусейин Карасаев «чоң кызматта иштеген эки интеллигент киргизе албаган жерге сен алган радиомаек киргизди» деп ыраазы болгон. Өтүп кеткен адамдардын маектери кетип жатканда угуп алып «ой, бул каза болду дешти эле, тирүү турбайбы» деген сыяктуу окуялар көп эле болду», — деген.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.