Ширин АЙТМАТОВА: «Апа, сизге бардыгы үчүн рахмат. Биз сизди ар дайым эстейбиз»

Ширин АЙТМАТОВА: «Апа, сизге бардыгы үчүн рахмат. Биз сизди ар дайым эстейбиз»

Залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун өмүрлүк жары Мария Айтматова 79 жашында коронавирустан көз жумду. Бул тууралуу бүгүн, 20-апрелде, Ч. Айтматов атындагы эл аралык фондунун басма сөз кызматы билдирди.

«Апа, неберелериңиз менен отургузган магнолия гүлдөп калды»

Ч. Айтматов атындагы эл аралык фондунун басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда, Мария Айтматова Суусамыр өрөөнүндөгү 8-Март айылында төрөлгөн. Атасы — Нурмат Шатиев, өз мезгилинде Кызыл Армия кавалериясын жылкы менен камсыздаган адам болсо, апасы — Гүлсүн Бакинова, Жумгалдын болуш башкаруучуларынын кызы, небереси болгон. Мария Урматовна атасынан айрылгандан кийин апасы менен Фрунзедеги Илимдер Академиясынын кызматкерлеринин үйүнө көчүп келген. Ал жерге апасынын эжеси Гүлжамал Бакинованын тиешеси бар болгон, ал киши кыргыз тилинин диалектологиялык картасын негиздеген илим адамы катары Мариянын келечегине чоӊ таасири тийген.

Мария Урматовна кийин эмгек жолунда сценарист, Кинематографисттер союзунун алдындагы Кино үйүнүн рецензенти, ВГИК бүтүрүүчүсү, «Бото көз» кинотасмасынын башкы режиссеру Лариса Шепитьконун жардамчысы болгонго жетишкен. Өмүрлүк жубайы Чыӊгыз Айтматовду жолуктурган күндөн анын биринчи окурманы жана редактору, оӊ колу, кубаныч-кыйынчылыкта таянычы, музасы болгон. Залкар жазуучунун романдары, анын ичинде «Кылым карыткан бир күн» романын өзү терип чыккан.

«Апа,  неберелериңиз менен отургузган магнолия бүгүн гүлдөдү. Бардыгы үчүн Сизге рахмат. Биз сизди ар дайым эстейбиз жана сүйөбүз”, — деп билдирген уулу Элдар, кызы Ширин.

Садыр ЖАПАРОВ: «Мария Айтматова жөнүндө суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым»

Президент Садыр Жапаров Чыңгыз Айтматовдун үй-бүлөсүнө, жакындарына жана туугандарына көңүл айтты.

«Мария Айтматованын дүйнөдөн кайткандыгы жөнүндө суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Бул — анын үй-бүлөсү жана туугандары үчүн гана эмес, баарыбыз үчүн чоң жоготуу. Мария Айтматова биздин эсибизде камкор эне, үй-бүлө очогунун сактоочусу, ошондой эле Кыргызстанды бүткүл дүйнөгө даңазалаган улуу жазуучунун жашоосундагы сүйүктүү жары жана ишенимдүү жубайы катары түбөлүккө калат. Айтматовдордун үй-бүлөсүнө, жакындарына жана туугандарына дагы бир жолу терең кайгыруу менен көңүл айтам«, — деп билдирген президент.

«Алакан» сайтынын эмгек жамааты маркумдун кызы Ширин Айтматовага, уулу Элдар Айтматовго жана жакындарына тереӊ кайгыруу менен көӊүл айтат. 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.