ЖАПАРОВ: «Кумарканалар Кыргызстандын жараны үчүн эмес, чет элдиктер, туристтер үчүн ачылат»

ЖАПАРОВ: «Кумарканалар Кыргызстандын жараны үчүн эмес, чет элдиктер, туристтер үчүн ачылат»

Президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунда кумарканаларды ачууга жол ачкан мыйзам долбоорун колдоп, ал тууралуу билдирүү да жасады. Президенттин расмий сайтында мамлекет башчынын төмөнкү цитатасы жарыяланды:

«Кумарканалар Кыргызстан жарандары үчүн ачылбайт, чет элдиктер жана туристтер үчүн гана ачылат. Мыйзамда кыргызстандыктардын кумарканага кирүүсүнө жана кумар оюндарын ойноосуна тыюу салынары жазылып турат. Депутаттар туура эле колдоп жатышат. Туристтердин акчасы Кыргызстанда калса жаманбы? Мындай тажрыйба көптөгөн өлкөлөрдө, анын ичинде коңшу өлкөлөрдө кеңири тараган. Айрым алысты көрө албаган популист депутаттар бул мыйзам долбоорун колдогон депутаттарга каршы «кара пиар» жасап жатышат».

Эске сала кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттары кечээ, 21-апрелде, Ысык-Көл облусунун аймагында кумаркана жайларын ачууга уруксат берген мыйзам долбоорун талашып-тартышканы менен аягында биринчи окууда эле кабыл алып беришти. 68 депутат колдоп, 23ү каршы болду. Аталган мыйзам долбоорун депутаттар Бактыбек Турусбеков менен Дастанбек Жумабеков даярдаган.

Кыргызстанда кумар оюндарына 2011-жылы мыйзам менен тыюу салынган. 2015-жылы тотализатор менен букмекерлердин иши токтогон. Бирок кумарканалар тымызын иштеп жатканы тууралуу айтылып келаткан.

Ыймандын бекемделишине жогорку деӊгээлде салымын кошкон ибадат ай — Ыйык Рамазан айында арам делген куман оюндарына уруксат берилип жатышын — президентибиздин жана «алысты таамай көрүп» мыйза долбоорун колдоп «айрым алысты көрө албаган популист депутаттардын» «тепкисине» калган бечара депутаттардын абийирине койдук. «Жоругуӊар жолдо калсын» деп айтар учур, балким, алдыдадыр…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.