Аскер САКЫБАЕВА: «Филармонияда 3 саат бою Эрнистин духу, сөзү, ою, рухуна толуп турду»

Аскер САКЫБАЕВА: «Филармонияда 3 саат бою Эрнистин духу, сөзү, ою, рухуна толуп турду»
Эсен болуп, эстей жүр!
Кечээ, 25-апрелде,  Улуттук Филармонияда Кыргызстандын бардык аймактарына кеӊири таанылып, элдин эсинде калган айтылуу «Асаба, «Агым», «Баягы Асаба» басылмаларында башкы редактор болуп эмгектенген белгилүү журналист, котормочу, акын Эрнис АСЕК уулу эскерилди. Ал иш-чара боюнча («Асаба», «Агымда» маркум менен чогуу иштеген) белгилүү журналист Аскер Сакыбаева «Фейсбуктагы» баракчасына төмөндөгүдөй пост калтырды:
— Кечээ эсил кайран Эрнисти эскердик. Тагыраагы, жубайы Назира Саалиева жүрөктөн сызылып жүлүнгө жете тургандай татынакай эскерүү кечесин уюштуруп, Эрнисти таанып билген баарыбыздын башыбызды кошту. “Каалга” аттуу Эрнистин китебин жаңы чыгарыптыр, басмакананын сыясы да кургай элек. Андан тышкары “Кун Фу Зы” китебин мурда эле алайын деп жетпей жүрдүм эле, кечээ колума алып кубандым.
Филармониянын чоң залы үч саат бою Эрнистин духу, элге айтайын деген сөзү, ою, рухуна толуп турду. Ушул чыгармачыл кечеси көзү тирүүсүндө өтсө кандай сонун болмок!.. Өмүрбек Текебаев айткандай, “Эрнис азыркы заманга жуурулушуп жашай албады, замандын тилин таба албады”. Ооба, себеби Эрнис сөз артынып, ой багып гана жашады. Акча, байлык жыйнап жашабады.
Түгөлбай Казаков айткандай, “Эрнис айрымдардай болуп чыканак менен иштеп, болор-болбос иш үчүн көкүрөк каккан жок. Ал бул дүйнөгө таңыркап келген жаш баладай” болуп гана кете берди. Досу Нурлан Калыбеков айткандай, “Эрнис жаш чагында эле дүйнөлүк адабиятты небак окуп билип, андан ары өзүн издеп калган” эле. Бир кезде “Асабада” Чүй облусу боюнча кабарчы болуп иштеген Үсөн Дайырбеков айткандай, “Эрнис “Каалга” деген зор түшүнүктү киргизди. Каалга жалган дүйнө менен чын дүйнөнү бөлүп тургандай. Эми өзү чын дүйнөгө гана өтүп кете берди”.
Кайран Эрнис сырттагы капиталисттик кымгуут жашоонун тилин таба албаганы менен чыгармачылыкта жакшы эле издениптир, иштептир, которуптур. Назиранын берген маектерине караганда дагы 8 даяр китеби чыкпай турат. Эгер Эрнисти чындап барктап сыйлап алаар болсок, ошол китептерди чыгарып, таратып, анын рух дүйнөсүн таанып билишибиз керек.
Бир чети элүүгө чыкпай жашаса да ошол кыска аралыкта 80, 90 жаштагыдай маңыздуу жашаганы, жаш кезинде эле китеп аркылуу, улуу чыгармалар аркылуу бу дүйнө менен тиги дүйнөнүн кандай экенин билип алганы үчүн өмүрү кыска болдубу деген ой келет…
Менин курбалдашым, бир кезде сырдакана курдаш болуп кийин жашоонун айынан алыстап кеткен, балалыгы совет доорунда калган, жаштыгы орток мезгилде калып бу дүйнө аңтар-теңтер түшүп жатса да, өзүн-өзү руханий издөөдөн кайтпаган Эрнисти биз көзүбүз өткүчө унутпайбыз, эскеребиз.
Кечээги кечеде Мелис байкенин кызы Миела жүрөктү эзди… Эс тартып, өспүрүм болуп калган кыздын атасына болгон кусалыгы ыр аркылуу чыкты. Аттиң, арман… Эшимкановдордун жок дегенде бирөө узагыраак жашаса не болот эле, Жараткан?..
Башат
Ойлон. Ойлон. Ойлонгун.
Күтпө. Күткүн. Толгонгун.
“Келди” дебе, “Кетти” дебе эч качан,
мен боломун жана бармын, болгонмун.
Эрнис эми баарыбыз менен бирге жашайт. Аны таанып билгендердин эскерүүлөрүндө, китептеринде жашайт. Башкысы, артыңда издеп алаарың, эскерип алаарың бар экени кандай жакшы!

One thought on “Аскер САКЫБАЕВА: «Филармонияда 3 саат бою Эрнистин духу, сөзү, ою, рухуна толуп турду»

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.