ВИДЕО — Баткенде 8 адам жабыркады. Ташиев чет өлкөгө учуп кетти. Текебаев бийликтин катасын айтты…

ВИДЕО — Баткенде 8 адам жабыркады. Ташиев чет өлкөгө учуп кетти. Текебаев бийликтин катасын айтты…

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин билдирүүсүнө караганда, кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан улам ооруканага дагы 4 адам түшкөн. Жалпысынан ооруканага 8 адам  кайрылган. Бир адам үйдөн дарыланууга жөнөтүлүп, экөө Самаркандек жалпы дарыгерлик практика борборуна жаткырылган. Алардын абалы канааттандырарлык.

Бүгүн Бишкектеги өкмөт үйүнүн алдына эл чыгып, чек ара маселе боюнча митинг кылып, жаңжал чыккан жерге бийликтегилер барып кырдаалды жөнгө салышын талап кылышууда…

«Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев Баткенге келсин!»

УКМК эмне дейт?

УКМКнын басма сөз кызматынын айтымында, алардын жетекчиси Камчыбек Ташиев Кыргызстанда эмес, ал кечээ, 28-апрелде, дарылануу үчүн чет өлкөгө учуп кеткен.

Эске сала кетсек, Камчыбек Ташиев быйыл эле, 12-февралда, Германиянын борбору Берлин шаарындагы клиникалардын биринде жүрөгүнөн операция болгон эле.

Өкмөттүн жаңы структурасына ылайык чек ара кызматы УКМКнын карамагына өткөн.

Өмүрбек Текебаев чек ара тууралуу…

Белгилей кетсек, кечээ, 28-апрелде Баткен районунун Ак-Сай айылындагы Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы “Головной” суу бөлүштүрүүчү жайдын тилкесинде кагылыш болгон. Жаӊжал токтой элек.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.