ВИДЕО — Камчыбек Ташиев элге кайрылды. Ал учурда кайда?

ВИДЕО — Камчыбек Ташиев элге кайрылды. Ал учурда кайда?
УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу элге кайрылды:
Урматтуу кыргыз элим!  
Мен кечээ, 28-апрелде, эртеӊ менен ден соолугумду каратуу үчүн Германияга учуп кеткен элем. Бирок бүгүнкү Баткендеги окуяларга байланыштуу кайрадан артка учуп чыктым. Ооруканага жетпей кайттым, буюруса түнү менен жетип барам. Баарыӊыздарга сабырдуулук тилеймин, Мекендин чеги өмүрдөн да кымбат, ынтымакта баарын жеӊебиз!

Буга чейин УКМКнын басма сөз кызматы Камчыбек Ташиев кечээ, 28-апрелде, дарылануу үчүн чет өлкөгө учуп кеткенин кабарлаган.

Эске сала кетсек, Камчыбек Ташиев быйыл эле, 12-февралда, Германиянын борбору Берлин шаарындагы клиникалардын биринде жүрөгүнөн операция болгон эле.

Өкмөттүн жаңы структурасына ылайык чек ара кызматы УКМКнын карамагына өткөн.

Баткендеги боордоштордун бийликке кайрылуусу:

Белгилей кетсек, кечээ, 28-апрелде, Баткен районунун Ак-Сай айылындагы Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы “Головной” суу бөлүштүрүүчү жай тилкесинде кагылыш болгон. Жаӊжал токтой элек.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.