Президент Баткендеги окуялардан жабыр тарткандардан кабар алды

Президент Баткендеги окуялардан жабыр тарткандардан кабар алды

Бүгүн, 1-майда президент Садыр Жапаров Бишкек травматология жана ортопедия илимий борборунда дарыланып жаткан Баткендеги окуялардан жабыр тарткандардан кабар алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, президент жаракат алгандар менен баарлашып, ден соолуктарын сурап, тезирээк сакайып кетишин билдирип, аларга мамлекет тарабынан тийиштүү жардамдар көрсөтүлөрүн, жабыркагандардын бардыгын жетиштүү көлөмдө дары-дармектер менен камсыз кылып, тийиштүү медициналык жардам көрсөтүү зарылдыгын баса белгиледи. Ошондой эле ал моралдык-психологиялык колдоо көрсөтүүнү улантуу зарылдыгын кошумчалады.

Эске сала кетсек, 28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, абал курчуп, Баткен жана Лейлек райондорунда атышуу болгон. 29-апрелде үйлөр жана имараттар өрттөлүп, 20 миңдей жай тургун эвакуацияланды. Акыркы маалыматтарга таянсак, жараат алган кыргызстандыктардын саны 154, каза болгондор 31 киши. 30-апрелде Баткен облусунан 46 жабырлануучу аскердик учактар менен Бишкектеги ооруканаларга жеткирилген.
Баткен облустук милициясынын айтымында, Тажикстан менен чектеш аймактарда атышуу токтоп, 1-майга караган түн тынч өткөн.

Бирок…

УКМК чек ара кызматы билдиргендей, кыргыз-тажик чек арасында кырдаал кайра чыңалып, ок чыкты. 1-майда, саат 12.45де Аркада тургандардын үйлөрү аткыланды… Чек ара кызматы коргонуу позицияларын ээлешти. Тажикстан тарап комментарий бере элек.

Белгилей кетсек, 1-2-май күн улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-майда кол койду.

«Алакан” сайтынын эмгек жамааты чек арадагы чырдан улам курман болгондорго терең кайгыруу менен жакындарына, туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.