Алгачкы кыргыз профессору Касым Тыныстановдун 120 жылдыгына арналган конференция өтөт

Алгачкы кыргыз профессору Касым Тыныстановдун 120 жылдыгына арналган конференция өтөт

83 жыл мурун жалган жалаага кабылып, атууга кеткен кыргыздын кайталангыс чыгаан уулдарынын бири, тил илимибиздин түптөөчүсү, жазма адабиятыбыздын алгачкы карлыгачтарынын көрүнүктүү өкүлү, акын, драматург, агартуучу, коомдук ишмер, алгачкы кыргыз профессору, илимпоз-лингвист Касым Тыныстановдун 120 жылдыгы белгиленип, анын алкагында эл аралык илимий-практикалык конференция өткөнү турат. Кандай форматта, кай жерде, кимдер өткөрүп жатат,  эмне өзгөчөлүктөрү бар — бардык суроолорго жоопту төмөндөгү маалыматтан алсаӊыздар болот.

ПРЕСС-РЕЛИЗ

        Бишкек ш.                                                                                                                            20-май 2021-ж

 2021-жылы 20-майда саат 10.00дө КР УИАнын конференц-залында, (2-кабат) мамлекеттик жана коомдук ишмер Касым Тыныстановдун 120 жылдыгына  арналган “Касым Тыныстанов – Кыргызстандын көрүнүктүү мамлекеттик ишмери жана окумуштуусу” аттуу конференция өткөрүлөт.

Иш-чарага КР УИАнын президенти М.С.Жуматаев, академик А.Акматалиев, филология илимдеринин доктору, КРнын президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын  төрагасы С.Мусаев, “Мурас” фондунун төрагасы К.С.Молдокасымов, саясий жана мамлекеттик ишмер М.Шеримкулов, чет элдик окумуштуулар, жогорку окуу жайлардын окутуучулары катышат.

Иш-чарада К.Тыныстановдун поэзиядагы, кыргыз адабиятындагы орду, Кыргызстандагы жадидчилик, алаш ордо кыймылы жана Тыныстановдун ортосундагы байланыш, “кызыл профессор” аты менен белгилүү болгон Тыныстановдун түрк тилдүү элдердин тарыхындагы орду ж.б. жөнүндө билдирүүлөр жасалат.

Латын тили комитети. Кыргыздын алгачкы карлыгач-агартуучулары. Касым Тыныстанов биринчи катарда – оӊдон экинчи.

Маалымат үчүн: Алгачкы кыргыз профессору, көрүнүктүү мамлекеттик ишмер, 1920–1930-жж. элдик билим берүү жаатындагы реформатор Касым Тыныстановдун өмүрү жана ишмердүүлүгү Кыргызстан тарыхында татыктуу орунду ээлейт. К. Тыныстанов өлкөнүн коомдук-саясий жана маданий өнүгүүсүнө түрткү берген жана кыргыз адабий тил чөйрөсүндөгү реформаларды ишке ашырууга катышкан. Окумуштуунун кыргыз тили багытындагы бир катар («Окуу куралы», 1924; «Чоңдор үчүн алиппе», 1926; «Биздин тил», 1927; «Эне тил», 1928; «Кыргыз тилинин морфологиясы», 1934; «Кыргыз тилинин синтаксиси», 1936) эмгектери жарыкка чыккан.

1924-жылы Ташкент шаарындагы Агартуу институтун бүткөндөн кийин Түркстан Эл агартуу комиссариатындагы Илимий комиссиясынын катчысы, кийин төрагасы болуп иштеген. 1925-жылы «Ала-Тоо» газетасынын редактору, 1927–1930-жылдары Кыргыз АССРнин Эл агартуу комиссары, 1930–1937-жылдары алгач Кыргыз маданият жана куруу институтунун илимий кызматкери, кийин анын директору. Саясий репрессиянын жылдарында ага жүйөсүз буржуазиялык улутчул күнөөсү тагылып, 1937-жылы камалган жана 1938-жылы атууга кеткен. 1988-жылы К. Тыныстанов толугу менен акталган.

Иш-чараны КР УИАнын Б. Жамгырчынов атындагы Тарых, археология жана этнология институту, Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту жана КР Президентинин Аппаратына караштуу Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын “Мурас” фонду тарабынан уюштурулган.

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.