Кыргызстан, Ооганстан жана Өзбекстан мамлекеттери бизнес форумда эмнелерди сүйлөшүштү?

Кыргызстан, Ооганстан жана Өзбекстан мамлекеттери бизнес форумда эмнелерди сүйлөшүштү?

Кыргызстандын Өзбекстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ибрагим Жунусов «Tashkent International Business HUB — 2021» иш-чарасынын ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы бүгүн, 25-майда, билдирди.

Алардын айтымында, иш-чара Өзбекстандын бизнести өнүктүрүү Ассоциациясы тарабынан уюштурулуп, ага Кыргыз Республикасынын, Ооганстан Ислам Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын ишкерлери катышкан.

Ташкент эл аралык ишкердик хабынын ачылышынын алкагында Кыргызстан, Ооганстан менен Өзбекстандын ортосундагы өз ара соода мамилелерин чыңдоо максатында бизнес форум да болуп өттү.

Ибрагим Жунусов Кыргызстан ишкердикти жүргүзүү жана чет элдик инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө чоң маани берээрин баса белгилеп, «Tashkent International Business HUBдын» ачылышы ар тараптуу жана ири соода-экономикалык кызматташууну кеңейтүүгө, ири инвестициялык долбоорлорду биргелешип ишке ашырууга оң таасирин тийгизээрин билдирди.

Ташкент эл аралык ишкердик борборунун ачылышынын алкагында форум катышуучулары мындан аркы кызматташуунун келечегин талкуулоого мүмкүнчүлүк алышты.

Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигинин басма сөз кызматы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.