Уурдалып өлтүрүлгөн Айзаданын өлүмү боюнча сот 27-майда болот

Уурдалып өлтүрүлгөн Айзаданын өлүмү боюнча сот 27-майда болот

Уурдалып өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын иши боюнча биринчи соттук отурум Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 27-майда болот. Бул тууралуу маркумдун жакындарынын адвокаты Нурбек Токтакунов билдирди.

Анын айтымында, Айзаданын өлүмү боюнча кылмыш иши аны өлтүргөн соң өз жанын кыйган Замирбек Теңизбаевдин өлүмүнө байланыштуу кыскартылды. Ал эми милиция кызматкерлеринин шалаакылыгы боюнча ишти УКМК тергеп жатат.

Эске сала кетсек, 27 жаштагы Айзада Канатбекованы 5-апрелде Бишкектеги Медеров-Тыныстанов көчөсүнөн өтүп бараткан жерден бир топ жигит күч менен унаага салып кеткендиги тууралуу видео тарап, издөөгөө алынган. Тилекке каршы, эки күндөн кийин кыздын жана аны уурдаган адамдын сөөгү Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаадагы автоунаадан табылган.

Тагырагы, Айзаданы 36 жаштагы Замирбек Теңизбаев алгач футболка менен муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнө бычак сайып жанын кыйган. Бул кайгылуу окуя боюнча улантылып иликтенип, кийинчерээк милиция Айзада Канатбекова киши колдуу болгонго чейин зордукталгандыгы аныкталганын кабарлаган.

Айзаданын өлүмү Жазык кодексинин 130-беренеси («Адам өлтүрүү»), 161-беренеси («Зордуктоо»), 170-беренеси («Адам уурдоо») жана 175-беренеси («Никеге туруу максатында ала качуу») боюнча иликтенип, кылмыш иши козголуп, шектүү катары төрт адам кармалган. Милициянын иш-аракеттери боюнча кызматтык иликтөө, териштирүүлөр жүрүп, 40тан ашык милиция кызматкери иштен алынган эле…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.