Абактан качууга аракет кылгандардын бирөөсү өлтүрүлдү

Абактан качууга аракет кылгандардын бирөөсү өлтүрүлдү

Чүй облусунун Молдовановка айылында жайгашкан Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматка караштуу №27 колониядан качууга аракет кылган эки адамдын бирөөсү өлтүрүлдү. Бул тууралуу «Азаттыкка» аталган кызматтын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова кабарлаган.

Айтымында, 25-майдан 26-майга караган түнү абакта жаза мөөнөтүн өтөп жаткан 1963-жылы туулган Т.Т. аттуу жаран менен 1999-жылы төрөлгөн К.И. тосмодон секирип качууга аракет кылышкан. Колонияны кайтарган аскер кызматкерлери алгач абага ок чыгарышкан. Кийин ок атуу уланып, качып бараткандардын бирөөсү каза болуп, экинчиси кармалган.

Качкан экөө тең адам өлтүрүү, жашы жете электерди зордуктоо оор кылмыштары боюнча айыпталып, он жылдан 21 жылга чейинки мөөнөткө кесилгендер болгон.

Ыкчам тергөө тобу качууга аракет кылган учурду иликтей баштады. Окуя Кылмыш жана жазалардын бирдиктүү реестрине катталды.

Молдовановка айылындагы №27 колонияда оор кылмыш жасагандар, террорчулукка айыпталгандар жаза мөөнөтүн өтөшөт.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.