Жээнбековдор Мелис Аспековду сотко беришти

Жээнбековдор Мелис Аспековду сотко беришти

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков менен Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков «кадыр-баркты коргоо» арызы менен Аламүдүн райондук сотуна кайрылышты. Бул тууралуу Чүй облустук сотунун басма сөз катчысы Байыш Байгазинов «Азаттыкка» билдирген.

Анын айтымында, Жээнбековдор учурда УКМКнын тергөө абагында отурган Мелис Аспековдун айткан маалыматтарына байланыштуу кадыр-баркына доо кеткенин билдирип, аларды коргоо арызы менен кайрылышкан. Алардын арызы Аламүдүн райондук сотуна кечээ, 25-майда, келип түшкөн. Ушул жуманын аягында же кийинки жумада сот кайсы күнгө коюлганы, кимдер катышары билинет.

Аспеков эмне деди эле?

Мелис Аспеков 14-майда “Фейсбуктагы” баракчасына президент Садыр Жапаров президенттик шайлоого талапкер учурунда шайлоо кампаниясына Жээнбековдордун үй-бүлөсүнөн 10 миллион доллар алганы тууралуу билдирүү жазган. Ал “Шайлоодогу үгүт иштеринде Жапаровдун штабында жүргөндүктөн көп иштерге күбө болдум” деп бир нече фактыны келтирген.

Аспековдун мындай билдирүүсүнө ошол эле күнү Сооронбай Жээнбековдун адвокаты Асылбек Кочкоров жооп кайтарып, экс-президентке жалган жалаа жапканы үчүн аны сотко берише турганын айткан. Ага-ини да Аспековдун жазгандарын төгүндөөнү талап кылышууда.

Ал эми Галина Байтерек…

Мелис Аспеков президенттик шайлоого чейин Садыр Жапаровдун жакын үзөңгүлөштөрүнүн бири болуп, үгүт маалында аны аябай колдоп, анын штабында Чүй боюнча координатору экенин айтып чыккан. Бирок Садыр Жапаров ал маалыматты жокко чыгарган.

Аспековдун 14-майдагы маалыматын Президенттин басма сөз кызматы да төгүндөгөн. Президент Садыр Жапаровдун ошол кездеги маалымат катчысы Галина Байтерек анын билдирүүсүн жокко чыгарып, мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков Садыр Жапаровдун шайлоо өнөктүгүн каржылабагандыгын маалымдаган.

Аспеков кайсы иши үчүн камакта жатат?

Жарандык активисттер Мелис Аспеков менен Улан Жураев “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар талап кылган деген шек менен быйыл, 8-январда, кармалышкан. УКМК аларга Жазык кодексинин “Опузалап талап кылуу” беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Бишкектин Биринчи май райондук соту 11-майда Улан Жураевди күнөөлүү деп таап, 260 мин сом айып пул салган.

Ал эми Мелис Аспековго дагы бир айып (толугун бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаӊыз болот) тагылып, «алдамчылык» беренеси менен иш козголгон. Ага экинчи айып тагылгандан кийин, 21-майда №1 тергөө абагына которулган. Ал муну аны “коркутуу аракети” деп баалаган.

Бул айыптоолор боюнча кийинки соттук отурум, мурда белгилегенибиздей, 8-июнда болот…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.