ВИДЕО — «Элегиянын» султаны 70 жашта. “Шуулдаба, терегим, теректерим…”

ВИДЕО — «Элегиянын» султаны 70 жашта. “Шуулдаба, терегим, теректерим…”

Бүгүн, 28-май. Кыргыз Эл артисти, мыкты композитор, обончу, ырчы, коомдук ишмер Түгөлбай Казаков жарык дүйнөгө келген күн.

Агабыз талыкпаган эмгеги, табият тартуулаган таланты менен улуттук музыканы бийик деңгээлге көтөрүүгө чоң салым кошту. Улут сыймыгы, залкар талант агабызды 70 жылдык юбилейи менен куттуктап, чың ден соолук, узун өмүр, бакубат турмуш каалайбыз.

 

Төкмө акын, КРнын эмгек сиңирген артисти Амантай Кутманалиевдин куттуктоосу:

Айкашкан талант- акылы,

Асылдардын акыры.

Агартуу сөзүн көп арнайт,

Агарган сайын чачы бу.

Жетимиш келип калса да,

Жер таянбас басыгы.

Желдирбейм, сөздүн ачыгы.

Жетеси таза кыргыздын,

Жерди көктөн караган,

Жетиген алтын казыгы!

Кыргыздын кыйырына жеткен обондор…

Агабыз 70 жыл ичинде мыкты обондорду жаратып, кыргыздын кыйырына жетип, өз угармандарын тапкан. Алсак, “Алтын балалык”, “Элегия”, “Жамгыр”, “Сүйүү жазы”, “Гүлзарлар”, “Эстелик”, “Гүлдөр”, “Шуулдаба, терегим, теректерим…” ж.б.

Айтылуу залкар акыныбыз Салижан Жигитовдун сөзүнө жазылган “Шуулдаба, терегим, теректерим…” аттуу ырды Түгөлбай Казаков домбуранын коштоосунда ырдаганы жан дүйнөнү козгойт.

«Алтын балалык»

Агабыз тууралуу жазчу баян-кептерибиз али алдыда… Бүгүн куттуктап, жылуу сөз тартуулайлы, туугандар!

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.