Султан РАЕВ: «Түкөм доордун туткасындай чыгармалардын ааламын түздү». «Алтын балалык» орус тилинде…

Султан РАЕВ: «Түкөм доордун туткасындай чыгармалардын ааламын түздү». «Алтын балалык» орус тилинде…

Кыргыз Эл артисти, мыкты композитор, обончу Түгөлбай Казаков агабыз — 70 жашта. Улут сыймыгы, залкар талант агабызды юбилейи менен Кыргыз эл жазуучусу Султан Раев куттуктады:

Түгөлбай Казаков — 70 жашта. Түкөм кыргыз музыка маданиятына, улут рухуна өзгөчө салым кошкон инсан. Обон жаатында Рыспай Абдыкадыров руханий революция жасап кетти. Ушул толкундун сапарын улаган Түкөм, Асанкалый, Жолдошбек өз учурунда кыргыздын бүткүл жандүйнөсүнөн жанар оттой атылып чыккан классикалык обондорду жаратты.
Түкөм нукура адамдык энергиясы менен, таланты менен Сезим Гимнин даңазалап, доордун туткасындай болгон чыгармалардын ажайып ааламын түздү. Анын ырлары жүрөктөн жүрөккө өтүп, эчен муун ошол ырлардын дем менен, духу менен жашады. Мезгилдин символуна айланды. Түкөмдүн ырлары ар бирибиздин көкүрөгүбуздон түбөлүккө түнөк тапкан ырлар.
Түкө, 70 жаш кутман курак кут болсун, Сизге али да 70 өнөр аздык кылып туру! Бар болунуз!

«Алтын балалык» орус тилинде…

Түгөлбай Казаковдун «Алтын балалык» ыры орус тилине 2017-жылы которулуп, клиби тартылган.
Ырды акын Ксения Бессонная менен ырчы Станислав Пашковский аткарган.
«Алтын балалыктын» орус тилиндеги ырды бу жердеги ШИЛТЕМЕден уксаӊыз болот.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.