ВИДЕО — Токтобүбү АБДЫКУЛОВА: «Дилгир» бий тобуна неберем 6 жашынан келип, бийдин түрүн үйрөндү»

ВИДЕО — Токтобүбү АБДЫКУЛОВА: «Дилгир» бий тобуна неберем 6 жашынан келип, бийдин түрүн үйрөндү»

«Дилгир» үлгүлүү элдик бий ансамблине — 20 жыл

«Дилгир» үлгүлүү элдик бий ансамблине 20 жыл болду. Ушул 20 жылдык мааракени утурлай, учурда Бишкек шаарындагы аты Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейи болуп өзгөргөн №5 мектепте 5-классты аяктаган, бул бий ансамблине 5 жылдан бери барып жаткан Акак Жакшылыкованын чоӊ энеси Токтобүбү Абдыкулова апабыз менен маек курдук. 

— Учурдан пайдаланып, алгач үй-бүлөбүздүн атынан «Дилгир» бий ансамблинин көркөм жетекчиси Шамыралиева Гүлжамал Шаршеевнаны жана жалпы эмгек жамаатын 20 жылдык мааракеси менен куттуктайм. Ушунча жылдан бери бир топ бийчилерди уядан учурушуптур. «Дилгирге» балдар 3 жаштан келип, 16 жашына чейин бийлеп, ырдашат. Биз ага күбө болуп келатабыз. Кичинекей балдар алгач ыйлап келишет, кийин көнүп кетишет. Сахнага биринчи жолу чыкканда элден сүрдөп ыйлагандары да болот… Чынында балдар менен иштөө кыйын. Ар баланын мүнөз-кыялы, шык-жөндөмү бар да. Үйдө эркелеп чоӊоюп жатканы болот, эрте токтолгондору бар дегендей. Гүлжамал Шаршеевна тартипти катуу кармайт, сабактарда болобу же бийлеп катыша турган ар кыл иш-чара болобу, талаптарды да катуу коёт. Бийлейм деген балага чыдамкайлык, ынтызарлык, умтулуу керек, анан бара-бара жөндөп кетет. «Дилгирде» жогорку тайпа, ортоӊку тайпа, кенже тайпа деп бөлүп коюшат, улуулары ортоӊкуларына, ортоӊкулары кичкентайларга жардамдашып кадимкидей бир үй-бүлөдөй эле болуп калышат кийин.

— Ата-энелер сиздерден эмне талап кылынат?

— Бизден мектепке сабакка жөнөткөндөй эле талаптар. Биринчи – бий сабактарын калтырбашыбыз керек; убагында келишибиз керек. Себеби, жаӊы бий кыймылдарын үйрөнүшөт, бийге барбай калса, бала адашып, жаӊылып кыйналып калат. Ызаланып ыйлап алат анан. Тийиштүү көнүгүүлөрдү тынбай жасатып турушат, аларды үйдөн кайталап жасашат. Албетте, ден соолуктарына кам көрүүнү эскертип турушат. Анан концерттер болор учурларда репетиция узагыраак болот, анан концерттер болгондо, концерттик кийимдерин, тамак көтөрүнүп келип балдарыбыз менен жүрөбүз. Алар кубанса, кошо кубанабыз, сүйүнөбүз.

— Небереӊиз бийге барууну өзү каалады беле?

— Ооба, өзү каалаган. Азыр неберем Бишкектеги №5 мектепте 5-класста окуйт. 1-класска жаӊы барганда, классыбыздын ата-энелер комитети Гүлназ «балдарды чогуу бир жерге ийримге берели» деп сунуштап калып, ата-энелер бий ийримине баралы деп макулдашып, «Дилгирге» келгенбиз. Акак 6 жашынан келди. Башында эжеси Каухар да келип катышып жүрдү. Кийин сабактарынан жетишпей баштаганынан келбей калды.

Небереӊиздин бийге шыгы качан ойгонду? Балким, жакындарынан бийчилер бар? Балким мындай өнөр сизде бар?

— Эми биз болсо, кезинде бийге кызыккам. Анча-мынча бийлеп калганым болгон. Келин болгондо, колхоз иштеринде иштеп, ошондо «Сармерден» өтүп, ырдап катыштым эле… А кызым болсо, кичинесинен кыймылдуу болду. Тыпылдап эле ордунда тим турчу эмес. Музыкага колдордун быйтыйтып бийлеп калчу.

Дагы эмнеге шыктуу?

— Сүрөттү жакшы тартат. Каухар, Акак, Райан, үч неберем теӊ сүрөт тартканга шыктуу. Жакшы тартышат. Пластилинден ар нерсени жасашат. Жаӊы жылда гүл жасап, ичине аарыны кондуруп коюшуптур. Кагаздан кесип ар нерсе жасап калышат. Ой чабыттары жакшы эле. Аман болушсун, садагаларым. Акак ырдайт, манас айтат, ырды көркөм жакшы айтат. Чоӊ эне катары неберелерим менен сыймыктанам.

«Дилгирдин» кыймылдаткыч «мотору» ким?

«Дилгир» үлгүлүү элдик бий ансамблинин жетекчиси жана  негиздөөчүсү — Шамыралиева Гүлжамал Шаршеевна. Гүлжамал Шаршеевна түптөлгөндөн мыкты бий мектеби саналган, ошол даӊазасын азыркыга чейин сактап келе жаткан Москвадагы Игорь Моисеев атындагы Мамлекеттик академиялык элдик бийлер мектеп-студиясынын бүтүрүүчүсү, Кыргыз Республикасынын эмгек сиӊирген артисти, билим берүүнүн мыктысы. Ал 20 жылдан бери үзүрлүү эмгектенип, бий искусствосунун мыкты чебери катары таланттуу бийчилерди тарбиялап чыгарды жана чыгарууда.

Бул жерге 3 жашынан келген бөбөктөр 16 жашка чейин ушул топто бийлеп, ырдап, бүтүргөндө «бий инструктору, хореограф» деген сертификат алып чыгышат. Бул сертификат аларга кийин башка жерлерде бий үйрөткөнгө жолдомо жана мүмкүнчүлүктү берет.

«Дилгирдин» кыймылдаткыч «мотору», Гүлжамал эженин оӊ колу Чынара Абдрасулованы жана «Дилгир» жашоосун чебердик менен жөнгө салып турган көркөм жетекчиси Гүлжамал Шаршеевнаны 20 жылдык маараке менен куттуктайбыз. Сиздерге бардык жакшылыктарды каалайбыз. Ар дайым ден соолукта болуп, маданияттын көркү болгон бий жаатында бийчи кыздарыӊыздар менен көптөгөн ийгиликтерди жарата беришиӊиздерге тилектешпиз!

Урматтуу, «Дилгир» үлгүлүү элдик бий ансамбли, 20 жылдык мааракеӊер кут, каалаганыӊар бүт болсун! 

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.