ВИДЕО — «Дилгирге» дилгирленген, инисине арнап ыр жазган Акак

ВИДЕО — «Дилгирге» дилгирленген, инисине арнап ыр жазган Акак

Бал тил балалык

1-июнь — Эл аралык балдарды коргоо күнү. Тагырагы, балдарга кубаныч тартуулаган, алардын кубанычына бардык ата-энелер күбө болгон күн. Майрамга карата биз Бишкектеги №5 мектептин 5-классынын окуучусу, «Дилгир» бий тобунун тарбиялануучусу Акак Жакшылыкова менен маек курдук. 

— Акак, майрамыӊ менен! Кандай майрамдадыӊ?

— Рахмат. Мен дагы бардык балдарды майрамы менен куттуктайм. Апам, эжем болуп паркка бардык. Апамдар дасторкон жасап, бизди майрамдатышты. Байкемдер белек беришти.

— Бул майрам менен катар эле жакында «Дилгир» бий тобунун да 20 жылдык майрамы экен. «Дилгирге» келип жатканыӊа канча жыл болду жана ал сага эмнеси менен жагат?

— «Дилгирге» бийге келип жатканыма 5 жыл болду. Мектепти кандай жакшы көрсөм, «Дилгирди» ошондой жакшы көрөм. Бий бизди ийкемдүү, чапчаӊ кылды, кыймыл-аракетибизди түздөдү. Бул жерден жаӊы досторду таптым. Кыргыз бийлеринен тышкары өзбек, орус, уйгур, Индия ж.б. бийлерди бийлейм. Көп элдин бийинин тилин үйрөндүк десек болот. Сахнага көндүк. Өлкө ичинде көптөгөн ийгиликтерге жетиштик. Кенже тайпа кезибизде Казакстанга бий сынагына барып катышып, биз 2-орунду, ортоӊку тайпадагы кыздар 1-орунду алып келишкен. Былтыр дагы сынакка бармакпыз. Коронавирустун айынан барбай калдык. Ал учурда бийге да барбай калып, биздин Гүлжамал эжебиз бийди үзгүлтүккө учуратпай, үйдө он-лайн бий сабактары болуп жатты. Бийге барганга уруксат берилгенде, ушундай кубангам…

— Эжекеӊ урушабы?

— Гүлжамал эжебиз урушат, бирок жөн эле уруша бербейт, кайталап ката кетирсек, көп жаӊылсак, тартип бузсак, сөзсүз тил угабыз.

— Ага капаланбайсыӊарбы?

— Жок, биз капаланбайбыз, бизди эжебиз «жакшы болсун, жакшылап үйрөнүп алсын, жакшы бийлесин» деп урушуп жатканын түшүнөбүз. Бий тобунда ар кай жаштагы, ар кай улуттагы кыздар бийлейт. Эжекебиз баарыбызга бирдей мамиле жасайт.

— А өзүӊөр бөлүнбөйсүӊөрбү?

— Жо-ок, бөлүнбөйбүз. Негизи мен баары менен бат эле тил табышам.

— Чоӊойгондо бийчи болосуӊбу?

— Мага бийлеген аябай жагат. Бирок мен чоӊойгондо мугалим болгум келет. Мен мектепте жакшы окуганга аракет кылам. Мектебимди, «Дилгирди» аябай жакшы көрөм. Биз мектепке барбай, он-лайн менен үйдө окуп жатканда классташтарымды, эжейлеримди, агайларымды сагынып кеткем да.

— Ырдайсынбы?

— Ооба, ырдайм. Кээде ыр жазам. Райан футболду аябай жакшы көрөт. Иниме арнап, минтип ыр жазгам:

Иним менен берекем,

Топусу дайым башында.

Күйөрманы «Барсанын»,

Футбол көрөт дайыма. 

Үйүнөрдө ыр жазгандар барбы?

— Ооба, чон апам, атам ыр жазат. Атамдын ырлары аябай көп. Айылдын акыны. Ата-энем айылда жашайт, аларды аябай сагындык. Жайкы каникулда барып турабыз, буйруса, жакында барабыз.

Акактын аткаруусундагы «Ай чыкты карачы…» 

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.