Жапаровдун экономика жана финансы министри болгонуна Масалиев нааразы. Сиздерчи?

Жапаровдун экономика жана финансы министри болгонуна Масалиев нааразы. Сиздерчи?

ЖК депутаты Акылбек Жапаров министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — экономика жана финансы министри болуп дайындалды.

Бул тууралуу бүгүн, 1-июнда, президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Анткен менен Акылбек Жапаровдун бул кызматка барышына саясат айдыӊында ар ким ар кандай пикирде. Маселен, депутат Исхак Масалиев дегеле жактырбаганын, «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев болсо, Жапаровдун бул кызматка дайындалышынын башкы себеби — конкреттүү маселелерди, тагырагы — Кумтөрдү улутташтырууну чечүү деп билдирген пикирин  Vesti.kg сайты жазып чыкты.

Өмүрбек Чиркешовичтин пикиринде, Жапаров бир беткей сыпаттап койгудай адамдардан эмес, артыкчылыгы — анын акылында, тажрыйбасында, жеке идеяларын илгерилете алгандыгында. Анын божомолунда, анын талапкерлигине президент конкреттүү маселелерди чечет деген кыязда токтолгон. Маселен, Кумтөрдү улутташтыруу, бюджетти толуктоо…

Ал эми Исхак Масалиев болсо, өлкө жетекчилигинин кадрдык чечимдеринен таптакыр көӊүлү калганын жашырган эмес. Анын пикиринде Акылбек Жапаровдун жалгыз уникалдуу артыкчылыгы — сандар боюнча жазгырмайды жакшы кылгандыгында. «Ачык айтканда, Жапаровдун дайындалышы мени иренжитти, себеби мен бул адам менен таанышмын, аны жакшы билем. Жеке кызыкчылыктары менен мамлекеттикин чаташтырып алышы мүмкүн деген коркунучу бар деген ойдомун. Сүйлөгөн жактан жана сандар боюнча жазгырмай жагынан кыйыны кыйын. Ошол эле Кумтөрдү алалы — 2008-жылы ал Минфинди башкарып турган жана 2009-жылдагы келишимге активдүү катышкан. Ал учурдагы президентке юридикалык күмөндөрдү жараткан кадамдарды ишке ашырганга жардам берди. Муну ыраазылык ишаараты деп кабыл алсак болот» дейт Исхак Абсаматович.

Эмнеси болсо да, бир кезде «Илбирстин секириги бийик, так секирик. Ал өз секиригинде эч качан катачылыкка жол бербейт, мелжеген жерине өз секириги менен ишенимдүү түрдө жете алат. Кыргызстан илбирс сымал жогору көздөй секирик жасашы керек. Стратегиялык максатыбыз — мамлекетибизди 2050-жылга чейин дүйнөнүн өнүккөн 50 өлкөсүнүн катарына кошуу» деп бир убакта Жогорку Кеӊешке «Илбирс секирик» деген аты улук бир программа аттанып, бирок ал секирик Жогорку Кеӊешке жеткен боюнча калып кеткендей элес калтырган партиянын бир учурдагы өкүлү, шыктандыруучусу, лидерлеринин бири болгон  Акылбек Жапаровдун эми кийинки кадамдарында Кыргызстан үчүн «илбирс секириктер» жасалабы-жокпу, убакыт көрсөтөр…

Дегеним, Акылбек Үсөнбековичтин учурдагы кызматтагы кадамдарына олуттуу үмүттөр артылгандай…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.