Картошка, «чоң муштуму» менен эл эсинде калган Нурбек Мурашев кайрадан депутат болду

Картошка, «чоң муштуму» менен эл эсинде калган Нурбек Мурашев кайрадан депутат болду

Бүгүн, 2-июнда, Жогорку Кеңеште Мурашев Нурбек Мурпазылжанович ант берди. Ал депутаттык мандатын тапшырган Исхак Пирматовдун ордуна «Бир Бол» фракциясынан депутат болуп келди.

Ой, ким бул ой?

46 жаштагы Нурбек Мурашев тууралуу учкай айтсак, ал 1975-жылы 3-ноябрда Жалал-Абад облусунун Сакалды айылында туулган. Жогорку билимдүү, Ош технологиялык университетин аяктаган. 2014-2017 -жылдары Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын депутаты болгон. 2016-2019-жылдары Айыл чарба, тамак-аш жана мелиорация министри болуп иштеген.

Үч жыл министр болгон Мурашев Кыргызстандагы ишкерлердин добушу менен өкмөт мүчөлөрүнүн арасынан “2018-жылы эң начар иштеген жетекчи” деп табылып, «Кара көлөш» антисыйлыгына татыган. Аны ыйгарган Бизнес жана базарлар ассоциациясынын президенти Сергей Пономарев буга ошол жылы картошка экспорттолбой, баасы арзандап кетиши негиз болгонун билдирген. Тагырагы, Мурашев 2018-жылы айдалган картөшкөнүн тазасы 5 сомго да сатылбай чирип кетип жатат деп коомчулуктун сынына катуу кабылган. Бирок министр ал антисыйлыктын ага берилишин туура эмес деп эсептээрин журналисттерге: «Алар бир эле картошка көйгөйү үчүн баа берип, ушул антисыйлыкты беришиптир. Бул туура эмес деп эсептейм. Бизде мындан башка толтура тармактар бар. Эгер бир тармакты эле карай турган болсо, башка ведомстволордо да жетишпегендиктер көп да. Ошон үчүн кандай критерийлер менен караганын сиздердин көзүңүздөрчө сурайын деп Сергей Пономаревду чакырсак, ооруп калганын айтып келүүдөн баш тартты», — деп түшүндүргөн болчу.

Анткен менен, ошол учурдагы Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевден 2019-жылдын январь-мартына карата өлкөнү социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жыйынтыгы каралган өкмөт жыйынында:
«Нурбек Нурпазылжанович, былтыркыдай картошка кабинетке келбесин! Кабинетке баштык менен  картошка алып келгенди токтотуп, азыртадан сүйлөшүш керек. Бирөөбүз да сүйлөгөн жокпуз, кайсы өсүмдүк өсөт, күзүндө канча өсүмдүктүн түрүн сатканга кандай механизмдер келатат айта элекпиз! Азыртадан айта башташ керек! Өсүп, баары жыйналып калгандан кийин анан кардар издеген туура эмес. Былтыркы тажрыйба кайра келбегендей иштерди алып барышыбыз керек, түшүнүп жатасызбы?!», — деп сын уккандын эртеси эле — 24-майда өз арызы менен кызматтан кеткен.

Айтор, эл эсинде, биздин оюбузча, «чоӊ муштум» депутат, «кара көлөшчөн» министр катары калган Мурашевдин башка да кылык-окуяларын баягы баштык менен картошка алып барып берген «Sputnik Кыргызстан» тизмектеп берген экен, эмнеси унутулуп калды, кайсынысы эсте, кайрадан эске түшүрүп таанышып алсак болот…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.