Өмүрбек БАБАНОВ: «Түшүнүксүз иш болуп жатат, буйруса, сотто жакшынакай чечилет деп ойлойм”

Өмүрбек БАБАНОВ: «Түшүнүксүз иш болуп жатат, буйруса, сотто жакшынакай чечилет деп ойлойм”

48 саатка камалган экс-премьер-министр Өмүрбек Бабановду Биринчи май райондук сотуна алып келишти. Сотто бүгүн, 2-июнда, анын бөгөт чарасы каралат — акталат же камалат.

Ал сотко кирип баратып журналисттердин суроолоруна жооп берди. Анын айтымында, баары — абсурд, аша чапкандык. Түшүнүксүз иш болуп жатат. Бирок, сот бул ишти жакшынакай, оӊ жакка чечет деп ойлойт.

Белгилей кетсек, УКМК «Кумтөр ишине» байланыштуу мурдагы, азыркы бир нече аткаминерге айып коюп, суракка чакырууда. 31-майда, Жогорку Кеңеш депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров УКМКга суракка чакырылып, эки айга камакка алынса, экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов, мурдагы депутаттар Исхак Пирматов жана Талантбек Узакбаев 48 саатка камалган. Мурдагы өкмөт башчылары Темир Сариев менен Игорь Чудинов, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Максат Сабиров жана депутат Рыскелди Момбеков да бул иш боюнча күбө катары көрсөтмө берип чыгышкан…

Кумтөр — Кыргызстандагы эң чоң алтын кендеринин бири

Эскерте кетсек, Кыргызстан «Кумтөр Голд» компаниясын убактылуу өзү иштете баштады. Башкаруунун мындай формасы үч айга созулуп, зарыл болсо дагы үч айга узартылат. Маселе парламентте талкууланып жатканда кен казылган аймактарда экологиялык жана техникалык эрежелер бузулганы, мөңгүлөр талкаланып, алтын казуудан чыккан топурак калдыктары мөңгү үстүнө төгүлгөнү, «Кумтөр» алтын кенинен Кыргызстан 1,5 миллиард доллар, ал эми «Центерра Голд» 11,5 миллиард доллар пайда тапканы айтылган.

7-майда Бишкектин Октябрь райондук соту “Кумтөр Голдду” Кыргызстандын экология мыйзамдарын бузганы үчүн мамлекетке 261 млрд 719 млн 674 миң сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирген.

12-майда Кумтөрдөгү ишмердүүлүктү текшерген мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров компания Кыргызстанга салык жана экологиялык санкция түрүндө 4 миллиард 252 миллион доллар төлөөгө милдеттүү экенин айткан.

16-майда “Центерра Голд” кыргыз өкмөтүнө каршы Эл аралык арбитражда териштирүү баштаганын жарыялаган.

Кумтөр — Кыргызстандагы эң чоң алтын кендеринин бири. Аны канадалык «Центерра Голд» компаниясы иштетет, Кыргызстандын андагы үлүшү 26%ды гана түзөт.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.