Маршрутка жол киреси 15 сом, автобус, троллейбус 11 сом болушуна каршысызбы же колдойсузбу?

Маршрутка жол киреси 15 сом, автобус, троллейбус 11 сом болушуна каршысызбы же колдойсузбу?

Бүгүн, 2-июнда, Бишкектин бардык каттамындагы маршруткалардын айдоочулары ишке чыкпай коюп, автобус, троллейбустар гана каттап калкты капа кылышты.

Айдоочулардын талабы — жол кирени көтөрүү. Алар  мэрия менен шаардык кеңештин бул маселени чечебиз деп коюп чечпей келатканына нааразы.

Жол кире тарифи маселеси чындыгында канчадан бери талкууда. Бүгүн да Бишкек шаардык мэриясында маалымат жыйыны өтүп,  кайрадан талкууланды. Мэриянын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Бишкек шаардык мэринин милдетин убактылуу аткарып жаткан Бактыбек Кудайбергенов маршруттук каттамдарды иштеткен фирмалардын жетекчилери менен жолугушуп, жол кирени көтөрүү маселеси сентябрда чечилиши мүмкүн экендигин билдирген. «Бул маселе Экономика жана каржы министрлигинин кароосуна берилди. Андан соң шаардык кеңештин депутаттары талкуулап, жол кирени көтөрүү боюнча чечим чыгарат”, — деген Кудайбергенов.

Вице-мэр Русланбек Акылбековдун билдиргенине караганда, Экономика жана финансы министрлиги жол кире тарифине анализ жүргүзгөн жана жогорулатууга макул болгон.  Болгону маселени кароо соңку шаардык кеңешке шайлоонун жыйынтыгынын жокко чыгарылышынан улам узарып кеткен.

Айтмакчы, Бишкек шаардык мэриясы абалдан чыгуу үчүн — коомдук транспорттордо жүрүүнүн акысын жогорулатуу боюнча тарифтердин үч вариантын сунуштаган:

1) мурдагыдай эле калтыруу;

2) муниципалдык коомдук транспорттордо тарифти 11 сом, менчик фирмалардын бардык класстагы автобустарына 15 сом кылуу;

3) автобустарга — 15 сом, троллейбустарга — 11 сом, менчик фирмалардын бардык класстагы автобустарына — 19 сом кылуу.

Мэрия эң ыңгайлуусу катары, «бардык тараптардын кызыкчылыгына туура келчүдөй» деп, маршруттук таксинин жол киресин 15 сом, муниципалдык транспорттордукун (тролейбус, автобус) 11 сомго көтөрсө болорун билдиришкен болчу.

Учурдагы абалдан улам, мэриянын маалыматына караганда, жакынкы күндөрү троллейбустар таӊкы саат 5:40тан түнкү саат 23:00гө чейин каттайт. Алар төмөнкү каттамдар боюнча жүрөт:

№2 — “Эт комбинаты” — Аламүдүн-1 кичирайону;

№4 — “Эт комбинаты” — “Кожзавод”;

№5 — Тунгуч — Жал кичирайону;

№6 – 8-кичирайону — Батыш автобекети;

№7 — “Ош” базары — Тунгуч кичирайону;

№8 — Чыгыш автобекети — Жер иштетүү институту;

№9 — Жер иштетүү институту — Аламүдүн-1 кичирайону;

№10 — “Фрунзе” заводу — Асанбай кичирайону;

№11 — Асанбай кичирайону — Чыгыш автобекети;

№14 — Жал кичирайону — Киркомстром;

№17 — “Кожзавод” — Асанбай кичирайону.

Азыр шаар ичиндеги линияларда элди мэриянын 141 троллейбусу жана 110 автобусу ташып жатат…

Маалымат үчүн, Бишкек шаарынын жүргүнчүлөрүнө 42 жеке маршруттук компания кызмат көрсөтөт. Элди үч миңден ашуун маршруттук такси тейлейт.

Эске сала кетсек, маршрутка айдоочулары жыл башында да иш таштап, нааразычылык акциясына чыгышкан. Алар алгач жол кирени 15 сомго, кийин 20 сомго чейин жогорулатууну талап кылышкан болчу.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

 

 

2 thoughts on “Маршрутка жол киреси 15 сом, автобус, троллейбус 11 сом болушуна каршысызбы же колдойсузбу?

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.