ВИДЕО — Министр уу коргошун мындан ары коронавируска колдонулбастыгын билдирди. Нышанов болсо…

ВИДЕО — Министр уу коргошун мындан ары коронавируска колдонулбастыгын билдирди. Нышанов болсо…

Мындан ары ооруканаларда коронавируска коронавируска каршы дарылоодо уу коргошун колдонулбайт. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңеш жыйынында билдирди.

Министр айтымында, уу коргошунду 300-400дөй адамга клиникалык изилдөөдөн өткөрүшкөн. Байкалганы, уу коргошундун дозасын бергенде, эң жакшысы — иммунитетти көтөрөт; коронавирус менен ооругандар жөтөлгөндө какырыкты чыгарат. Эми министр баштаган демилгелүү топ ошол лабораториялык изилдөө жыйынтыгына «оӊ же терс» баа бериш үчүн чоң профессор-академиктерге кайрылышкан, жообун күтүп жатышыптыр.

Министрдин бул сөзүнөн кийин депутаттар окумуштуулар өз бүтүмүн бере электе уу коргошун тундурмасын коомчулукка жарнамалап жарыялап чыкканыӊыз кандай деп бир сыйра дуулдап сынга алып, иштен кетирүү маселесин кайра козгошту…

Буга чейин министр эмне деди эле?

Эске сала кетсек, апрелде А.Бейшеналиев коронавируска каршы дарылоодо уу коргошун тамырын колдонуп башташканын атайын маалымат жыйынында айтып чыгып, журналисттер алдында анын тундурмасын ичип, тийиштүү эрежелерди карманса зыянсыз экенин, тундурманы президент Садыр Жапаров экөө даярдап,  дарылоо жолдорун дарыгерлерге үйрөтүп жатышканын билдирген болчу.

Бул окуядан кийин да парламентте аны кызматтан алуу демилгеси көтөрүлүп, ал ишке ашкан эмес. Бул сапар да депутаттар Бейшеналиев президенттин жакын адамы экенин жана ошого таянып парламентти көзгө илбей жыйындарга келбей жатканын айтып нааразы болушту. Министр болсо, жыйындарга келе албай калганын кызматтык иштерине байланыштырып тим болду.

Сайдулла НЫШАНОВ: «Парламентти тоготпойсуз, жыйындарга келбейсиз»

31-майда парламенттин Бюджет жана финансы комитетинин жыйынына келген министр Бейшеналиевди депутат Сайдулла Нышанов сынга алды. “Сиз эми президенттин артына туруп алып күчкө салып жатасыз да. Парламентти тоготпойсуз, жыйындарга келбейсиз. “Керек болсо парламентти кетирем” дейсиз. Бирок бул убактылуу. Мен үч чакырылышта депутат болуп сизден чоң сүйлөгөндөрдү көрдүм, бирок аягы жакшы бүткөн жок. Парламент же сиз кетишиңиз керек. Депутаттар, биз ушуга келишибиз керек” деп маселени кабыргасынан койгонсуду…

Анткен менен, уу коргошун ичип ууланып ооруканага түшкөндөр министр Алымкадыр Бейшеналиевдин коронавирусту уу коргошун менен дарыласа болорун айткандан кийин арбыганы эсибизде.

Бирок министр уулангандар министрлик сунуштаган тундурманы эмес, башка уу коргошун ачыткысын ичкен деген жүйөнү келтирип: «Эгер ооруканаларда, врачтын көзөмөлүндө уу коргошун берилип, каза болгон бейтаптар болсо, ал үчүн мен жоопкерчилик алам. Бирок эми бул чөп сатыла баштайт. Үй шартында андан турдурманы жасап келишкенин баарыбыз эле билебиз. Ал сатылат, чөптү туура эмес ичип алып буга чейин деле каза болгон учурлар болгон. Алар үчүн жоопкерчиликти дары катары уу коргошунду ким сатса же сунуштаса ошол алышы керек», — деп чыккан болчу. Мамлекеттик телеканалдардан болсо, ооруканага катуу ооруп түшүп, уу коргошунду ичип айыккан адамдар тууралуу «эки өпкөмөн ковид болуп оор акыбалда келгем, компот сыяктуу чай беришти эле, жакшы болуп кеттик» сындуу  жаӊылыктар көрсөтүлүп, анда да депутаттар ал көрсөтүүлөрдү тымызын үгүттөөгө шыкакчы деп, министр Алымкадыр Бейшеналиевге ишенбестик көрсөтүү, отставкага кетирүү, уу коргошун боюнча депутаттык комиссия түзүүнү демилгелеп чыгышкан болчу…

Айтмакчы, жарандык коомчулуктан да нааразычылык, арыз жазгандар болгондуктан, Башкы прокуратура саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте текшерүү, сурамжылоо иштерин жүргүзгөнүн,  «400 жаран өз макулдугу менен уу коргошун ичишиптир, эч кимисинде оору же уулануу белгилери катталбаптыр, дагы текшерүү иштери жүрүп жатат, иш-аракеттердин мыйзамдуулугу боюнча текшерүү ИИМдин иши, алар да тиешелүү жыйынтыгын чыгарат» деп башкы прокурор Курманкул Зулушев апрель айынын этегинде парламентте берген отчетунда билдирген болчу…

Эми ким калат, ким кетет, убакыт көрсөтөр…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.