Белгилүү куудул Рахман Разыковдун эмнеден улам каза болгону айтылды…

Белгилүү куудул Рахман Разыковдун эмнеден улам каза болгону айтылды…

66 жаштагы белгилүү куудул, сатирик Рахман Разыков бүгүн, 7-июнда, эртеӊ менен каза болгондугу тууралуу кабар тарап, маркумду жакшы билгендерди катуу кайгыртты. Жакын санаалаш достору, кесиптештери билген, уккан маалыматтары менен бөлүшүп жатышты.

Канча жылдан бери сахна түйшүгүн бирге бөлүшүп, бир тасмада чогуу роль да жаратышып калган Кыргыз эл артисти Гүлшайыр Садыбакасова Рахман Разыков өзү эле эмес, жубайы да коронавирус илдетине чалдыгып, 10 күндөн бери Ош шаарындагы ооруканалардын биринде дарыланып жатышканын,  бир күн мурун эле тамак киргизип, телефондон сүйлөшсө, «бир аз кыйналып жатам, дарылар таасир этпей калды» деп, бирок башка жакшы сүйлөй албай койгонун айтса, кыргыздын дагы бир мыкты кызы Назгүл Насиева «Фейсбуктагы» баракчасына: «Бир ай мурун эле, жеңем экөө мени издеп, кол телефонума чалып «Назгүл карындашым, абактагы жарандарыбызга концерт береличи?» деди эле😪. Кечээ «буюрса жакшы болуп кетем, чай ичебиз» деген голосовойюн уктум эле😪 Бүгүн таң атпай суук кабарды уктук😪. Ыйманыңыз бейиштен орун алсын, Рахман аке🤲😪. Дайыма жаркылдап жүргөн жүзүңүз, жүрөгүбүздө калат😪. Үй-бүлөсүнө, жакындарына сабыр тилейм, кайрат кылыңыздар, өтө өкүнүчтүү, бирок айла жок, Аллахыбыз өз мээримине алсын🤲😪» деп кайгырып көӊүл айтуу жазды…

Рахман Разыков эмне менен ооруганын, кандай абалда болгонун, эмнеден улам каза болгонун анык маалымат катары берген Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Ош шаарындагы координатору Кыялбек Ташполотовдун маалыматын «Турмуш» сайты жазып чыкты.

Кыялбек ТАШПОЛОТОВ: «Бизге оор абалда келген»

Рахман Разыков ооруп үйүндө бир жумадай жатып калган. Бизге оор абалда келди. Биздин дарыгерлер саламаттыгын сактап калууга колдон келишинче аракет кылды. Кант диабети, кан басымы бар экен. Өпкөсү 50% жабыркаган. 10 күндөн ашык ооруканада дарыланды, кычкылтек менен дем алып жатты. Бүгүн эртең менен каза болгонун айтышты. Ага чейин мен өзүм барып көзөмөлдөп жаткам. Өнөкөт оорулары менен коронавирустан улам кайтыш болуп калды.

Өмүр баян… Өмүр сапар…

Рахман Разыков агабыз: «Сатира – бул коомдун ооруп жаткан жерин көрсөтүп турчу курал. Бүгүнкү күндө биздин оорукчан жерибиз саясат болуп жатат. Ошол үчүн сындардын көбү ошол тарапка айтылууда» деп, соӊку жылдары сатирасында да, ырларында да саясатты сындап, ал үчүн ар кыл сөз, сын угуп, бирок бир позициясын карманып келаткан. 2016-жылы «өзүм 60ка чыгып, сахнада жүргөнүмө 40 жыл болот экен, концерт берсемби» деп берген бир маегинде «Сахнада дагы канча кармалууну каалайсыз?» деп сурашса, «Меники эми бүттү, ушул жыл акыркысы болуп калат. Атайын сахнадан кеттим деп элге жарыя кылбай эле кетейин деп чечтим» деген экен… Акыркы жылдары япон элинин өзү жактырып айтып калчу «Бир өмүрдү эки жолу жаша» деген накыл кебин карманып, сахнага достору чакырып калса эле барып, а мындай жеке иштер менен алек болуп жүргөн экен…

Өткөн айдын 12синде 66 жашка чыккан агабыз 1955-жылы, 12-майда Ош облусунун Кара-Суу райо­нунун Савай айылында төрөлгөн. Чыгармачылык башатында «Таң жылдызы» аттуу топту негиздептир, кийин беш-бештен жаш куудул жигиттерди топтоп, тарбиялап, сатира жазып берип сахнага чыгарып “Бешилик”, “Беш тапан» топторун түзгөн. Саясаттын казанына да кайнап көрөйүн деп, бир учурда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин да койгон. Былтыр болсо, парламенттик шайлоого “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын тизмеси менен шайлоого барган эле…

Рахман Разыковдун үч никеси болгон.  Артында алты баласы калды. Биринчи жубайынан бир уул, экинчисинен бир уул, эки кыз, үчүнчүсүнөн бир уул, бир кызы бар эле. Небере күтүп, небере сүйүп жашап жаткан чоӊ ата, таята болчу…

Маалымат үчүн: Коронавирустан беш адам көз жумду

Бүгүнкү — 7-июнга карата расмий маалыматка караганда, 5 адам коронавирустан көз жумуп, бул жаман илдетке бир суткада 362 адам чалдыккан. Ушуну менен Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 107 335, көз жумгандар 1852ге жетти. Айыккандар — 100 722 адам.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.