Дүйнөлүк саламаттык уюму: «коронавирус толкуну» дей бергенди токтотуу керек…

Дүйнөлүк саламаттык уюму: «коронавирус толкуну» дей бергенди токтотуу керек…

ДСУ — Дүйнөлүк саламаттык уюму акыркы учурда ааламды аралап жүргөн «коронавирус толкуну» деген аныктаманы колдонгонду токтотуу сунушун бергенине 2 жумадай болуп калды. Бирок дале бул сөз айрымдардын «сүйүктүү аныктамасы» бойдон калууда. Анын ичинде биздикилер да бар.  

Мелита Вуйнович: «… пандемия – «бул суу каптоо эмес»

ДСУнун аймактык өкүлү Мелита Вуйнович дүйнө жүзү боюнча оорунун бар-жогу мезгил-мезгили менен эмес, туруктуу болуп жаткандыктан, «толкун» деген түшүнүктү кармана бергендин мааниси жок, анткен менен оорунун абал-жагдайын  чара көрүү  жана жайылып кетүүгө жол бербөө үчүн көзөмөлдөп монитор кылып туруу зарыл дейт.

Кыскасы, Мелита Вуйновичтин пикиринде: «… пандемия – «бул суу каптоо эмес», абал адамдар өздөрүн кандай алып жүрөрүнөн көз каранды. Коомчулук ыкчам реакция кылганга жана так аныктаганга жөндөмдүү. Жаӊы толкун – адистер кургак чечендикке салып колдоно калчу аныктама, бирок андай «толкундар»  көп болот, санап да жетишпейсиӊ. Азыркы учурда максат – бул жамааттык иммунитет жана оорунун катуулашы байкалган учурда тез чара көрүү. Ошондуктан «биринчи толкун, кийинки толкун» деп бергенди токтотуш керек».

“Биринчи толкун, кийинки толкун” деген «көзү ачыктык» кала элек…

Эске сала кетсек, коронавирус Кыргызстанда 2020-жылы жазында башталган. COVID-19 вирусуна чалдыккандар алгач 18-мартта аныкталган. Көп узабай карантин да киргизилип, кийин жай ичи абал катуу кыйындап, көп жарандарыбыздан ошондо айрылганбыз. Ошондон бери биздин да тийиштүү адистер “биринчи толкун, экинчи толкун, кийинки толкун” деп улам бир мезгилди айтып, ал убакыт өткөндөн кийин жылдырып башка бир учурду айтып келатышканы маалым…

Акыркы учурда болсо, коронавируска каршы эмдөө боюнча иштер жүрүп келет. Бирок ортодо коронавируска каршы вакцинанын 994 дозасынын жарабай калышы боюнча калпыстык кеткен жагымсыз маалымат чыгып, ал ишти саламаттык сактоо министрлиги өзү иликтеп, айрым кызматкерлерге чара көрүп, айрымдарына сөгүш берди…

Айтмакчы, баягы абал кыйындаганда сырттан да, ичтен да гуманитардык жардамдар, келген каражаттар туура эмес бөлүштүрүлгөнү кийин аныкталып, андагы премьер-министр, учурда камактагы М.Абылгазиев жана К.Боронов, вице-премьер-министрлер А.Өмүрбекова, А.Исмаилова күбө катары Финполго суракка чакырылышкан. Финпол Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан «Газель Соболь» үлгүсүндөгү 10, «Форд Транзит» үлгүсүндөгү үч «Тез жардам» автоунаасы (1 млн. долларга) кымбатка сатылып алынып мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилген деп билдирген эле. Дал ушул маселе боюнча мурдагы Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев камакка алынган болчу…

«Сактансаӊ сактайм» дейт…

Андыктан, аттуу-баштууларыбыз тигинтип жатканда, коомчулук аӊ-сезимдүүлүктү жоготпой, бардык апааттан «Сактансаӊ сактайм» дейт, вирусту жайылтпоонун оңой жолдорун — үйгө киргенде колду самындап жуу, көчөдө медициналык масканы тагынуу сындуу өздүк тазалык эрежелерин да «мезгил-мезгили менен эмес», баштапкыдай адат кылып катуу кармансак, вирус менен күрөшүүдө алар дагы деле абдан маанилүү ролду ойнойт…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.