Куудул, сатирик Рахман Разыковдун сөөгү бүгүн жерге берилет

Куудул, сатирик Рахман Разыковдун сөөгү бүгүн жерге берилет

66 жаштагы куудул, сатирик Рахман Разыков каза болду. Бул суук кабарды бүгүн, 7-июнда, тамада Эрнис Бөрүбаев «Фейсбуктагы» баракчасына жазып чыкты: «Эки күн мурун сүйлөшкөндө эле Алланын колундабыз дедиӊиз эле. Арабыздан кетип калганыӊызга эч ишенгим келбей жатат«.

Жакын санаалаш, кесиптештеринин айтымында, маркум бүгүн эртең менен Ош шаарындагы ооруканада каза болгон, сөөгү бүгүн түштөн кийин жерге берилет.

Рахман Разыков коронавирус илдетине чалдыгып,  жубайы экөө 10 күндөн бери Ош шаарындагы ооруканалардын биринде дарыланып жаткан болчу экен…

Өмүр баяны:

Рахман Разыков 1955-жылы 12-майда Ош облусунун Кара-Суу райо­нунун Савай айылында төрөлгөн. «Таң жылдызы» аттуу топту негиздеп, кийин “Бешилик”, “Беш кемпир» аттуу жаш куудулдар тарбияланып чыккан топторду түзгөн. Жогоруда кабыргасы кайышып «Фейсбуктагы» баракчасына билдирүү жазган Эрнис Бөрүбаев да Рахман Разыков түптөгөн «Бешилик» тобунда жаш куудул катары таанылган жигиттерден. Маркумдун артында 3 уул, 3 кызы калды.

«Алакан» сайтынын эмгек жамааты маркумдун үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат. Жаткан жериӊиз жайлуу, топурагыӊыз торко болсун. Алла таалам билип-билбей кетирген күнөөлөрүңүздү кетирип, өз ракматына алсын!

 

One thought on “Куудул, сатирик Рахман Разыковдун сөөгү бүгүн жерге берилет

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.