Япондор Жайкы Олимпиададан коркуп жатышат…

Япондор Жайкы Олимпиададан коркуп жатышат…

Япония дарыгерлерлери биримдигинин башчысы Наото Уэяма Токиодогу Олимпиада оюндары коронавирустун кезектеги– «токиолук олимпиада» штаммын жаратышы мүмкүн деген кооптонуусун билдирип чыкты. Ал буга чейин да аталган спорттук иш-чара өлкөнүн саламаттык сактоо түйшүгүн көбөйтүп, оорунун өсүшү башталып кетиши мүмкүн деген болчу. 

Япония дарыгерлерлери биримдигинин башчысы Наото Уэяма.

Эске салсак, 2020-жылы өтмөкчү болгон Олимпиаданы бир жылдан кийин деп быйылкыга жылдырылган болчу. Бирок, соӊку сурамжылоолор боюнча, күн чыгыш өлкөсүнүн жашоочуларынын көбү дүйнөдөгү эпидемиологиялык туруктуу эмес абалдан улам Олимпиаданын бул жылы деле өтүшүнө каршы. Себеби, Токиодогу Олимпиада чет жердик күйөрмандарсыз өткөнү менен ага 200 өлкөдөн спортчулар делегациясы келет, алар ар кыл штаммдарды алып келип, ал вирустар өтө тез мутацияланып кетиши мүмкүн.

Анткен менен Япониянын министрлер кабинетинин башкы катчысы Кацунобу Като, коронавирустун, алардын санагы

 боюнча, «төртүнчү толкуна» жана айрым аймактардагы ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛГА карабай, Япония бийлиги мелдештердин коопсуздугун камсыздоо үчүн бардык чараларды көрүп жатыптыр. Бирок азыркы учурда эмдөөдөн Япония калкынын 5%га жакыны гана өтүптүр…

Эске сала кетсек, Жайкы Олимпиада оюндары 23-июль жана 8-август аралыгына белгиленген болчу…

Маалымат үчүн, алгач Кытайда пайда болуп, анан дүйнөгө жайылып тарап кеткен коронавирус түрүн дарыгерлер да, эл да жакшы билип калды. Илимий тастыктоолор боюнча, коронавирус азыркы учурда 38 түрү анык вирустар түркүмүнө кирет. Айтымында, алардын алтоосу, азыр ааламды кыйнап бүткөн жаӊысы кошулганда жетөөсү адамдарды оорутат. Коронавирустар буга чейин да бир канча жолу кооптуу абалдарды жараткан. Мисалы, 2003-жылы «Дем алуу органдарынын синдрому» же латын тамгалары менен белгиленген SARS, 2012-жылы «Жакынкы Чыгыш респиратордук синдрому» же латын тамгалары менен белгиленген MERS кеңири жайылып, жүздөгөн адамдын өмүрүн алган. Ошол SARS, MERS — эми 2019-nCoV вирусу жаныбардан адамга жуккан деген түшүнүк бар азыр. Чынында эле жаныбарлар — адамга кооптуу вирустарды алып жүрүүчүлөр. Кайсы бири адамга жуккандан кийинки мутация болуп түрүн өзгөртүшү менен коркунучтуу. Себеби, жаңы организмге көнгөн вирус жашоосун андан нары улантыш үчүн мутацияланып түр-түспөлүн өзгөртөт жана адамдан адамга жугуп тез жайылуу коркунучун жаратат, аны ааламдагы, акыркы учурда Индиядагы  эпидемиологиялык абал тастыктап жатат…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.