Бакыт СЫДЫКОВ: «Чукул кадамдарга барбаса, энергетика кыйроо алдында турат»

Бакыт СЫДЫКОВ: «Чукул кадамдарга барбаса, энергетика кыйроо алдында турат»

Бишкекте энергетика тармагына арналган тегерек үстөл болуп өттү. Катышуучулар энергетика тармагынын кейиштүү абалынан кеп кылып, бир кыйла көйгөйлөргө токтолушту.

«Улуттук энергохолдинг» ишканасынын башчысы Бакыт Сыдыковдун пикиринде, энергетика тутумундагы абалды оңдоо үчүн чечкиндүү кадамдар зарыл, болбосо, Кыргызстанды оор күндөр күтүп турат:

Кыргызстандын энергетика системасы кризистик абалда. Буга Токтогул ГЭСиндеги суунун аз топтолушу, электр энергиясына ички керектөөнүн өсүшү, жогорку чыңалуудагы электр чубалгыларынын чыдабай жатышы, электр жабдыктарынын көпчүлүгүнүн эскириши себеп. Абалды оңдоо үчүн чечкиндүү кадамдарга барбаса, Кыргызстандын энергетика системасы, Токтогул ГЭСинин негизги каскадына чейин кыйроо алдында турат. Жыйынтыгында узакка созулган социалдык-экономикалык кризиске кептелебиз.

Кыргызстанда электр жабдууларынын 70-80 пайызга жакыны эскирип бүткөнүн «Улуттук энергохолдинг» эбактан бери билдирип келет. Дүйнөлүк тажрыйбада энергетика тутумундагы жабдыктардын эскириши 30 пайызга чейин мүмкүн деп эсептелет.

А бизде болсо, электр жабдуулардын эскириши Улуттук электр тармактары боюнча 52-57 пайыз, «Электр станциялары» 73 пайыз, Бишкек жылуулук тармагында 83 пайыздан ашып кеткен.

Президент Садыр Жапаров апрель айында кризистен чыгуу үчүн электр энергиясына болгон тарифти өзгөртүүнү, арзан тарифти аз камсыз болгондорго жана тоолуу райондордо жашагандарга гана калтырып, калган калк катмарына бааны жогорулатуу керектигин билдирген эле…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.