Башкы редактор менен юрист ырчы Юлдуз Усманованы сотко беришти. Эмнеге?

Башкы редактор менен юрист ырчы Юлдуз Усманованы сотко беришти. Эмнеге?

Каракалпак тилинде жарык көргөн «Эл хизматинда» гезитинин башкы редактору Султонбек Зиёев менен басылманын юристи Даврон Тожимуродов Өзбекстан эл артисти Юлдуз Усманованы сотко беришти.

Юристтин айтымында, алардын доо арызын Ташкенттин Мирзо-Улугбек райондор аралык соту ушул айдын башында кабыл алган. Сот катчысы бул иш боюнча сот жараяны качан башталары азырынча белгисиз экенин билдирген. Доо арызда Юлдуз Усманова Өзбекстандын Кылмыш кодексинин «Кемсинтүү» беренеси боюнча айыпталып жатыптыр.

Юлдуз Усманова эмне деди эле?

«Силер өлкө эмне үчүн Каракалпакстан аталып калган деп сурашыңар мүмкүн. Ал жерде жашоо жеңил эмес. Таптакыр жеңил эмес. Бирок бул Өзбекстан кучагында, чапанынын калкалоосунда жашаган эл. Биз Аллах алдында да, башка элдер алдында да каракалпак эли үчүн жооптубуз. Себеби алар — биздин бир бөлүгүбүз. Аралдын жарымы соолуп калган. Алар оор шарттарда жашап, балык менен тамактанышат. Алардын шаары бар (ал шаар канчалык кичинекей экенин манжалары менен көрсөткөн – ред.). Бирок биздин алыскы аймактарда боз үйлөрдө жашаган эл бар», – деген экен Усманова ZO’R TV телеканалынын бир берүүсүндө.

Доо арыз ээлери ырчынын бул сөздөрү «жалпы каракалпак элин кемсинтти» деп эсептеп,»Каракалпактар өзбектердин калкалоосунда жашаган эл» деген сөзү үчүн кечирим сурашын талап кылышууда.

Бир улуттун намысына катуу тийди делген сөздөрдү Юлдуз Усманов өткөн жылы кыш айында ZO’R TV телеканалына «Сиз билан» деген берүүгө келгенде айткан экен. Ал берүүнүн сценарийи боюнча, алып баруучунун эки ооз сөзүнөн башка ашыкча сөз сүйлөнбөстөн, Юлдуз Усманова «Қорақалпоғимсан, сени мажнун бўлиб суярмиз» («Менин Каракалпакстаным, сенин Мажнун сыяктуу сүйөбүз») деген ырды гана ырдап бермек. Бирок Юлдуз Усманова ырынан кийин өз алдынча кошумчалап жогорудагы жыйынтык сөзүн сүйлөп койгон экен…

Сотко эмнеге кеч кайрылышкан дей турган болсок, доогер башкы редактордун айтымында, сотко доо арыз берүү үчүн беш айдай убакыт кеткен…

Маалымат үчүн

Каракалпакстан Республикасы же Каракалпакия (өзб. Qoraqalpogʻiston Respublikasi, каракалп. Qaraqalpaqstan Respublikası/Қарақалпақстан Республикасы) — Өзбекстан курамына кирген парламенттик башкаруудагы эгемен өлкө. Борбор калаасы — Нукус (каракалпакча: Нөкис).

Каракалпакстан 1925-жылы алгач Кара-Кыргыз АССРнин курамындагы автономдук облус катары түзүлгөн. 1932-жылы өз алдынча автономиялык республика болуп, 1936-жылы Өзбекстан курамына кирген. СССР жоюлгандан кийин 1990-жылы 14-декабрда Каракалпак АССРнин Жогорку Советинин отурумунда жалпы республикалык референдум негизинде толук көз карандысыздыкка жетүүгө мүмкүндүк берген мамлекеттик эгемендик тууралуу Декларацияга кол коюлган. 1992-жылы 9-январда Каракалпак АССРи Каракалпакстан Республикасы болуп өзгөргөн. Кийинки жылы 9-январда Каракалпакстан менен Өзбекстан ортосунда Каракалпакстан Республикасынын белгилүү бир убакытка чейин Өзбекстандын курамына кирүүсү тууралуу мамлекеттер аралык келишимге кол коюлган. Ал документте Каракалпакстандын каалаган учурда  референдум өткөрүү аркылуу Өзбекстандын курамынан чыгуу укугу каралган. Өзбекстандын түндүк-батышында жайгашкан Каракалпакстан Республикасы Өзбекстан аймагынын эӊ көлөмдүү 37% жерин (166 600 км²) ээлеген регион болуп эсептелет.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.